Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Рахматов Абдыразак

Баш барак | Биографиялар | Рахматов Абдыразак

(1940-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Саруу айылы) - экономист, экономикалык илимий доктору (1993). 1965-жылы Кыргызстан мамлекеттик айыл чарба институтунун зоотехния факультетин бүткөн. 1965—71-жылы Кочкор районунун Жданов атындагы колхозунда башкы зоотехник, 1971—76-жылы Кыргыз айыл чарба министрлигинин Эмгекти илимий уюштуруу борборунда бөлүм башчы болуп эмгектенген. 1976-жылдан Кыргызстан айыл чарба институтунда: адегенде доцент, 1988—93-жылы экономика жана менеджмент факультетинин деканы, 1993-жылдан менеджментти уюнггуруу кафедрасынын башчысы. 50дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде экөө монография) автору. илимий инггери негизинен Кыргызстандын айыл чарба өндүрүнгүн башкарууну уюштуруу жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга арналып, кийинки кезде ал проблемаларды рыноктук шартта өркүндөтүүнү талдоого багытталган. Анын ил.-техникалык жетишкендиктердин алдыңкы тажрыйбаларын айыл ч-на киргизүү боюнча сунунггары республикадагы 140тан ашуун чарбанын өндүрүшүндө кеңири колдонулуп, жакшы натыйжаларды берген. айыл чарба адистерин даярдоодо да зор эмгек сиңирген. Жогорку окуу жайлары үчүн эки окуу китебин жазган.

Р. эркин күрөш боюнча Кыргыз Республиканын бир нече жолку чемпиону, ошондой эле Орто Азия жана Казакстандын (1961) чемпиону, СССР спортунун мастери. «Ардак» ордени менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 429, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо