Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Реле

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Реле

Франциянын даңгыр жолдорунун биринде атчан адам таскактата чаап келе жатты. Ал эң маанилүү кабар менен келаткан королдун чабарманы эле. Чаалыккан аттын дарманы кетип, андан ары барууга жарай турган эмес. Ошол кезде алды жактан почта станциясы көрүндү. Реле! - деп кыйкырды чабарман кирип келип. Ошол замат ат багуучулар ага башка ат токуп беришет. Чабарман атка шак минип, андан ары чаап жөнөйт... Реле француз сөзү, ал кезде чарчаган атты алмаштыруу маанисин түшүндүргөн. Акыры, чабармандын кызматын электрдик телеграф аткара баштады. Телеграфист ачкычты басары менен электр тогу батареядан чыгып, зым аркылуу тез өтүп, кийинки станцияга жетет да, андагы телеграф аппаратын иштетет.

Бул эмне деген ылдамдык! Кокус ток жолдо баратканда начарласачы? Эгер станция алыс болсо, ток жетпей да калышы ыктымал, анда аппарат иштебейт да. Ошентип, линияны бөлүктөргө бөлүп, ага электр батареясын жана реле деп аталган өзгөчө аппарат орнотушту. Эски сөздүн жаңыча жашоосу ушундайча башталды. Эгер реле начар электр сигналын кабыл алса, ал электр батареясын, автоматтык түрдө кошот, ошондо күчөтүлгөн ток андан ары өтөт.

Бул укмуштуу аппарат кантип түзүлгөн? Өткөргүч зым түрүлгөн чыгырыкты элестеткилечи. Чыгырыктын ичине темир өзөк - жүрөкчө жайгаштырылган. Эгер зым аркылуу ток жүрүп жатса, темир жүрөкчө магнит болуп калат. Бул электр магнити бардык металл буюмдарды өзүнө тартат. Мисалы магниттешкен жүрөкчө электр зымдарынын учун бириктирүүчү болот пластинканы өзүнө тартып жатканы көрсөтүлгөн. Реленин эң көп түрү бар. Таанышыңа телефон чалууну чечтиң дейли.

Телефондун трубкасын алып, номерди тергенде зым аркылуу электр сигналдары жүгүрөт. Автоматтык телефон станциясындагы элпек реле электр сигналынын буйругуна баш ийип, аппаратыңды таанышыңдын аппаратына кошот. Бул жогорку мисалдагы лампочка менен батареяны кошкон сыяктуу эле ишке ашырылат. Муздаткычтагы температура өтө төмөндөп кетти. Тырс! Реле муздатууну токтотту. Бирок муздаткычта электрдик эмес, жылуулук релеси иштейт. Мында электр магнитинин ордуна өзгөчө кат-кат бүктөлмө түтүк орнотулган. Ал сууктан жыйрылып, жылуулуктан түзөлөт.

Жыйрылганда жана түзөлгөндө бүктөлмө түтүк кичинекей рычагды ары-бери сүйрөйт. Ал рычаг муздаткычтагы температура көтөрүлсө аны иштетет, өтө муздап кетсе токтотот. Күн кечтеп, күүгүм кирди. Реле көчөнү жарык кылуучу фонарларды күйгүзөт. Ал эми таң атып, жерге жарык киргенде аны өчүрөт.

Шахтага күйүүчү газ толуп кетти. Иштөө опурталдуу болуп калды. Сакчы реле коркунуч сигналын күйгүзөт. Миңдеген, миллиондогон реле үйлөрдө жана заводдордо, кемелерде жана учактарда, космосто жана жер алдында иштөөдө.

Сайтка жарнама жайгаштыруу