Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Рембрандт Харменс ван Рейн (1606-1669)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Рембрандт Харменс ван Рейн (1606-1669)

Голландия 17-кылымда Европадагы эң бай өлкөлөрдүн бири болгон. Анын борбору Амстердамга дүйнөнүн төрт тарабынан товарлар келип турган. Байыган голландиялык соодагерлер жана банк ээлери искусство чыгармаларында өздөрүнүн жашоо-турмушун чагылдыруусун самашкан. Ал кезде живопись искусствонун кеңири таралган жана өнүккөн түрү эле. Колунда бар ар бир голландиялык адам сүрөт үйдүн мыкты жасалгасы деп эсептеген. Айрым сүрөтчүлөр негизинен портретти, экинчилери жанрдык көрүнүштү, үчүнчүсү натюрморт, төртүнчүсү пейзаж тартканына карабастан алардын бардыгы айлана-чөйрөнү реалдуу түрдө: турмуштун өзүндөгүдөй, жөнөкөй, бурмалабай чагылдырууга умтулушкан. Мындай сүрөттөрдүн көбү кылымдан кылымга даңкталып кала берген. Ошентсе да 17-кылымдагы живописчилер көп болгон менен алардын эң мыктысы Рембрандт ван Рейн экенинде талаш жок. Анын чыгармалары укмуштай жөнөкөйлүгү жана адамгерчилиги менен улуу болгон. Живопись каражаттары аркылуу адамдын жан дүйнөсүн, анын ички татаал ой толгоолорун Рембрандтка чейин эч ким ачып бере алган эмес. Рембрандт Голландиянын Лейден шаарында тегирменчинин үй-бүлөсүндө туулган.

Атасы уулунун илимпоз болуусун каалаган, бирок улан өзүнүн шыгын, эңсеген максатын живопистен тапкан. Ал Амстердамга келгенден кийин көп узабай эле чоң ийгиликке жетишет. Ага сүрөт менен портрет тарттыргандар көбөйөт. Бирок Рембрандтты шаан-шөкөттүү атак кызыктырбай, анын чыгармаларындагы каармандар - карапайым, жөнөкөй адамдар, алар кубанат, кайгырат, санааркап, убайым тартат... Ал бай шаардыктарга жасакерленүүгө умтулган эмес. Анын искусствосу олуттуу жана терең мааниге ээ болуп, адамдын акыл-эсин, сезимдин тунуктугун даназалаган. Рембрандттын адаттан тыш таасирдүү портреттеринен адамдын жашоо-турмушу кадимкидей көз алдыга тартылат.

Өз жакындарын, досторун, жардыларды, карыяларды тартканда алардын жан дүйнөсүндөгү жандуу өзгөрүүлөрдү, ыраңындагы маанайды таң каларлык чеберчилик менен берет. Анын кийинчерээк тарткан Адашкан уулдун кайтып келиши аттуу картинасы азыр Эрмитажда турат. Мында бир кезде туулган үйүн таштап, көпкө тентип жүрүп, абдан кор болгондо кайтып келген адам чагылдырылган. Кайгыдан көздөрү көрбөй калган карыган атасы аны калтыраган колдору менен кучактап кечирим берет. Рембрандт живописчи гана эмес, офорттун (цинктеги гравюра ушундайча аталат) да чебери. Рембрандт Харменс ван Рейн өмүрүнүн акырын жакырчылыкта өткөрүп учурдан сүрүлүп, унутулуп калган.

Мурда сүрөт тарттыруучу бай адамдар улуу сүрөтчүнү эбак эле эстен чыгарып коюшкан. Амстердамдын жардылар турчу мааласынан боёк болуп булганган кийимчен жалгыз-бой чалды кезиктирүүгө боло турган. Аны турмуштун запкысы майтара албады. Ал талбай иштеп, өз жүрөгүнө жаккан чыгармаларды жараткан. Турмуштагы байкоолорун тарткан, анын сүрөттөрү өтө поэтикалуулугу менен адамды өзүнө тарткан.

Рембрандттын картиналарында жарым күңүрттүүлүк басымдуулук кылат, андагы фигуралар алтын сымал жаркырап көрүнөт. Боёктору болсо адамдын жан дүйнөсү менен жылытылган асыл таштай болуп жалтылдайт. Рембрандттын эң жакшы чыгармалары азыркы мезгилге чейин музейлерде сакталып калганы адамзат үчүн зор сыймык.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 482, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу