Революциячыл Россия сүрөтчүлөрүнүн ассоциациясы

Революциячыл Россия сүрөтчүлөрүнүн ассоциациясы – 20-жылдардагы кеңештик сүрөтчүлөрдүн пайдубалы 1922-жылы көчүп жүрүүчү көркөм көргөзмөлөр шериктештигинин 47-көргөзмөсүнөн кийин негизделген. Бул көргөзмөдө реалист-сүрөтчүлөр тобу «Учурдагы революциялык турмуш-тиричиликти окуп үйрөнүүчүлөр ассоциациясын» түзүшкөн жана «Ачарчылыктан жапа чеккендердин пайдасына реалисттик багыттагы сүрөтчүлөрдүн сүрөт көргөзмөсүн» уюштурушкан. Бул ассоциациянын мүчөлөрү жана көргөзмөнүн катышуучулары П. А. Радимов, А. В. Григорьев, Е. А. Кацман, Н. Г. Котов, Б. Н. Яковлев, В. В. Журавлёв, П. М. Шухмин, Я. А. Башилов, ушул эле жылы пайда болгон революциячыл Россия сүрөтчүлөрүнүн ассоциациясынын уюштуруучулары болушкан. Ассоциациянын ишинде көрүнүктүү ролду сүрөтчүлөр С. В. Малютин, А. Е. Архипов, Н. А. Касаткин, В. Н. Мешков, А. В. Моравов, К. Ф. Юон, И. А. Владимиров, Б. М. Кустодиев, И. И. Бродский, М. Б. Греков, М. И. Авилов, Е. М. Чепцов, Б. В. Иогайсон, А. М. Герасимов, П. И. Котов, В. Н. Перельман, А. А. Вольтер, Г. Г. Ряжеский, С. В. Гянгина, Ф. С. Богородский, С. М. Карпов, Н. Б. Терпсихоров, Н. Я. Белянин, В. Н. Яковлев жана башка ойношкон. Анын курамына живописчи-сүрөтчүлөр менен бирдикте кээ бир график-сүрөтчүлөр И. Н. Павлов, Н. И. Дормидонтов да киришкен. 1926-жылы Ассоциацияда скульптура секциясы уюштурулган жана ага С. С. Алешин, М. Г. Манизер, И. А. Менделевич, Ф. К. Лехт, С. Д. Меркулов мүчө болушкан. Ассоциациянын иш алып баруу мезгилинде тематикалык принципте уюштурулган Ассоциациянын ири көркөм көргөзмөлөрү болуп өткөн. Ассоциациянын көргөзмөлөрүнүн аталышы эле анын көркөм-идеялык милдеттеринен кабар берет. Бул көргөзмөлөрдүн ичинде «Жумушчулардын турмуш-тиричилиги», «Кызыл Армиянын турмуш-тиричилиги» (1922), «Лениндик бурч» (1923), Кызыл Армиянын 5 жана 10-жылдыктарынын юбилейлик көргөзмөлөрү (1923, 1928), «Революция, турмуш жана эмгек» аттуу 2 көргөзмөсү (1924, 1925): «СССР элдеринин турмуш-тиричилиги» кирет. Көргөзмөлөр сов. көрүүчүлөрдүн зор кызыгуусун туудурган. Ассоциация өз ишмердигинин гүлдөп турган мезгилинде союздук республикалардан, РСФСРдын республикалык жана облусу борборлорунан 40тан ашуун филиалдардын башын бириктирип турган, бул жергиликтүү улуттардан сүрөтчү-реалист кадрларды тарбиялап чыгууга, улуттук республикаларда реалисттик көркөм күчтөрдүн өсүп чыгышына жана алардын чыгармачылык чыңдалышына зор түрткү берген. «СССР элдеринин жашоосу жана турмуш тиричилиги» (1926) деген темада өткөн РРСАнын 7 көргөзмөсү РСФСР менен боордош республикалардын сүрөтчүлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоодо айрыкча ролду ойноду. 1928-жылы Ассоциациянын биринчи съездинен кийин РРСА Революция сүрөтчүлөрүнүн ассоциациясы (РСА) деп аталып калган. РСА 1932-жылга чейин, ВКП(б) БКнын бардык көркөм бирикмелерди жана топторду таратып, бирдиктүү чыгармачыл союз түзүү тууралуу токтомуна чейин иштеген. РСАнын ишмердигинин чектелүү жактарына анын акыркы мезгилде ассоциациянын кээ бир мүчө­лөрүнө таандык идеялык – чыгармачыл позицияны таза топтук кызыкчылыкка алмаштырып жибергени болду. Бул болсо улуу муундагы ири сүрөтчүлөр М. Греков, П. Котов, К. Савицкий, И. Машков, Н. Терпсихоров жана башкалардын РСАнын курамынан чыгып кетүүсүнө түрткү болгон. РРСАнын сүрөтчүлөрү өзүлөрүнүн реализм, тематикалык, идея жагынан каныккан мазмундуулук үчүн күрөшү, живопистин улуттук орус мектебинин традицияларына жакындыгы, көркөм өнөр менен ошол учурдун жандуу байланышын чагылдыруу аркылуу 20-жылдардагы кеңештик көркөм искусство тарыхынын эң сонун барагын жазып калтырышкан. Алардын ишмердиги соцреализм көркөм искусствосунун андан ары өсүп-өнүгүүсүндө хор мааниге ээ болгон. РРСАнын сүрөтчүлөрү өзүлөрүнүн реализм, тематикалык, идея жагынан каныккан мазмундуулук үчүн күрөшү, живопистин улуттук орус мектебинин традицияларына жакындыгы, көркөм искусство менен ошол учурдун жандуу байланышын чагылдыруу аркылуу 20-жылдардагы кеңештик көркөм искусство тарыхынын эң сонун барагын жазып калтырышкан. Алардын ишмердиги социалдык реализм көркөм искусствосунун андан ары өсүп-өнүгүүсүндө зор мааниге ээ болгон. РРСА элге жакын жана түшүнүктүү реалисттик көркөм искусствону калыптандыруу күрөшүндө жана аны эл арасында таратууда чоң роль ойноду, революциячыл чындыкты туура чагылдыруу маселелери боюнча сүрөтчү-реалисттердин негизги массасын бириктирди, өздө­рүнүн декларациясында баатырдык реализмдин лозунгдарын жарыялоо менен РРСАнын сүрөтчүлөрү бардык идеялык-чыгармачыл багыттары ошол мезгилдин формалисттик көркөм искусствосуна чечкиндүү жана принциптүү каршылык көрсөтө алган. РРСА сүрөтчүлөрү реалисттик станок живописинин дээрлик бардык жанрларында – тарыхый-революциялык, турмуштук, согуштук (баталдык) портрет, пейзаж, натюрморт тармагында алгылыктуу натыйжаларга жетишишкен. РРСАнын мыкты сүрөтчүлөрү­нүн маңызы боюнча новатордук, жаңычыл чыгармачылыгы өткөн замандын классикалык көркөм искусствосунун прогрессивдүү традицияларына жана айрыкча орус сүрөтчү-көчүп жүрүүчү­лө­рүнүн эмгектерине таянган. Бирок Ассоциациянын кээ бир катышуучуларынын чыгармачыл ыкмаларынын чектелүүлүгү, фотографизм менен эмпиризмге жакындыгы (адистик жана көркөм чеберчиликтеги кээ бир маселелерге жетиштүү көңүл бурушпагандыктары), айтылып турган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)