Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Резиналар

Резиналар (латын тилинен гезта — чайыр) табигый жана синтет. каучуктар вулканизациясынан алынган зат. Вулканизация-лана турган резина аралашмасынын негизги компоненттери: 1) синтет. жана жаратылыш каучугу, 2) вулканизациялоочу реагент, 3) вулканизацияны ылдамдаткычтар, 4) вулканизацияны ылдамдаткычтар активаторлору, 5) толтургучтар, 6) диспергаторлор, 7) жумшарткычтар, 8) эскиртпөөчүлөр, 9) чарчатпоочулар. 10) антиозонаттар, 11) боёктор. Кандай Р. алынаарына жараша ингредиенттер түрү жана саны ар кандай болот. Татаал рецепт боюнча алынган Р. (шина, транспортер лентасын алуучу) 15-20 ингредиенти болот. Р. төмөнкүдөй топторго бөлүнөт: 1. Көпчүлүк Р. буюмдарын алуучу -50°С +150°С чейин темп-рага чыдамдуу Р. (бут кийим, шина, тиричилик буюмдары, амортизатор жана башка) 2. Жылуулукка чыдамдуу 150°С жогорку температурада колдонулап турган Р. (машиналар, самолёттор, электр кыймылдаткычтар тетиктери). 3. Суукка чыдамдуу) -50°С төмөнкү темп - рада колдонулап турган. Р. 4. Майларга, бензинге туруктуу Р. 5. Агрессивдүү чөйрөгө туруктуу Р. 6. Газ толтурулган Р. 7. Радиацияга туруктуу Р. (рентген аппаратынын тетиктери, радиоактивдүү изотоптор менен иштечүүлөр кийимдери). 8. Диэлектрикалык Р. (кабелдер изоляциялоо). Р. касиетин аныктоочу негизги материал каучук болуп саналат. Каучукту вулканизациялоо үчүн күкүрт, органикалык пероксиддер (мисалы, бензоил пероксиди ), эпоксид жана алкилфенолформальдегид чайырлары, диазобирикмелер, диаминдер жана башка бифункционалдуу бирикмелер колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)