Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Розмарин

Розмарин (Rosmarinus officinalis) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумундагы дайыма жашыл бадал. Эфир майлуу өсүмдүк. Жалбырагынын тегереги сыртын көздөй кайрылган, үстүнкү бети кочкул көк, астыңкы бети агыш боз, узундугу 3–3,5 см, туурасы 2–4 мм. Жалбырагынын астыңкы бетинде эфир майын бөлүп чыгаруучу безчелери бар. Гүлү бутактарынын учуна 5–10дон жайгашкан. Мөмөсү – 4 жылма жаңгакча. Эрте жазда жана күзүндө гүлдөйт. Жапайы түрү Жер ортолук деңиз аймагындагы өлкөлөрдө кездешет, КМШ өлкөлөрүндө Түштүк Крым жана Кавказдын Кара деңиз жээктериндеги ботаникалык бак менен парктарында өстүрүлөт. Розмарин калемчесинен, кээде уругунан көбөйтүлөт. Көчөтү отургузулгандан кийин 2–3 жыл өткөндө, уругу бышкан кезде жалбырагы жыйналат. 1 га жерден 1–3 т кургак жалбырак алынат. Розмариндин эфир майынан дары-дармек жасалат. Майы тунук, түссүз, кескин жыттуу, даамы бир аз ачуу.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)