Рысбеков Муратбек

Рысбеков Муратбек (Рум) – акын. Ноокат районунун Өсөр (Киркол) айылында 1955-жылы 4-майда туулган. Өзү Чүй облусунун Сокулук районундагы Саз айылынын кулуну.

1977-жылы Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтунун Архитектура курулуш факультетин аяктап, кеңеш (Кара-Кулжа), Жаңы-Жол (Аксы), Сокулук райондорунда курулуш жана архитектура бөлүмүндө өз кесиби боюнча эмгектенген.

1996–1997-жж. Кыргыз телерадио комитетинин радио тармагында редактор, кабарчы болуп иштеген. Андан кийин Ысык-Ата райондук курулуш жана архитектура бөлүмүндө куруучу инженер-конструктор болуп өз кесибин уланткан. Азыркы учурда «Бишкекдолбоор» Ачык акционердик коомунда куруучу инженер-конструктор болуп иштеп келет.

1985-жылдан бери ырлары басма сөз беттеринде жарыялана баштаган.

2005-жылы М. Рысбековдун чыгармачылыгы жөнүндө А. Сариевдин жазган «Акын-поэт Муратбек Рысбеков» деген рецензиялар топтому орус, кыргыз тилдеринде жарыкка чыккан.

Ж. Бөкөнбаев атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты.

Жаш акын-жазуучулардын республикалык «Нурборбор» чыгармачылык бирикмесинин төрагасы болгон.

2005-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Сүйүү өлкөсү: Ырлар. – Б.: Учкун, 1994. – 88 б.

Сулуу таң: Ырлар. – Б.: Учкун, 1995. – 84 б.

Ыр канатындагы симфония: Ырлар жана поэма. – Кант, 2001. – 88 б.

Адам борбор: Ырлар. – Кант, 2004 – 80 б.

Эскилерден жан дүйнөгө эстелик: Поэма жана ырлар. – Кант, 2004 –64 б.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)