Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Рыскулбеков Муса

Рыскулбеков Муса (14. 4. 1911, азыркы Чүй облусу, Аламүдүн району, Байтик айылы – 6. 6. 2010, Бишкек) – педагог, кыргыздын туңгуч экономисти, экономика илимдеринин кандидаты (1947), Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген кызматкери (1951), Кыргыз Республикасынын эл мугалими (2001). Самарканддагы эл чарба институтун бүтүрүп (1936), ошол эле институтта окутуучу, Кыргыз экономикалык-финансы техникумунда окутуучу, директор (1938- 39), Өзбек ССРинин Бухара облаткомунун өнөр-жай боюнча орун басары (1939–41), Фрунзе облустук пландоо комитетинин төрагасы (1941–43), Кыргыз ССРинин эл агартуу комиссары (1943–45), Москвадагы КПСС БКнын партиялык мектебинин угуучусу (1945), Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын орун басары (1946–49), СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалында сектор башчысы (1949–58), Кыргыз Мамлекеттик Университетинин проректору (1958–61), 300гө жакын илимий эмгектин автору. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Аты Кыргыз экономикалык университетине берилген (2010-ж.) Эмг.: Экономическое значение присоединения Киргизии к России. Ф., 1959, Переход киргизов от кочевого к современному социалистическому хозяйству. М., 1960, Экономическое сотрудничество Киргизии с союзными республиками и странами социализма. Ф., 1962.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)