Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Саан уйларды жаны ыкма менен байытуу

Баш барак | Ветеринария | Саан уйларды жаны ыкма менен байытуу

Саан уйларды байытуу туура жана өз убагында жүргүзүлүүсү зарыл. Анткени саан уйларды туура байытпасак каалагандай төл ала албайбыз жана сүт өндүрө албайбыз. Ошондуктан саан уйларды жети ай бооз кезинде, же эки жүз жыйырма төрт күндүк бооз мезгилинде байытыш керек. Өз убагында туура байытылган саан уйлардан дени сак музоо алууга жана арбын сүт саап алууга шарт түзүлөт. Ошондуктан саан уйларды жаңы ыкма менен байытуу жакшы натыйжа берет. Дагы бир чоң өзгөчөлүгү желиндин сезгенишин (мастит) ылаңынын алдын алууга болот. Жаш төлдүн бир катар ылаңдары саан уйларды туура эмес жана өз убагында байытпоодон келип чыгат, музоонун өсүшүнө да терс таасирин тийгизет. Натыйжада фермерге бир топ экономикалык зыян келтирет. Уйларды таза байытыш үчүн уйларды биринчи даярдоо керек, уйдун желини жылуу суу менен таза жууп желинине сүт калтырбай какшыта сааш керек. Андан соң уйдун желинин жылуу суу менен самындап таза жууп үрпүнөн мастицит, мастицан-А жана мастит-форте препараттарын 10мл ар бир үрпүнөн куюш керек. Натыйжада жакшы дени сак төл алууга болот, арбын сүт саап алууга шарт түзүлөт, уй туугандан кийин чөбү өз убагында түшөт, уй маалында күүгө келет.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 1064, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу