Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Садыков Болотбек Жакыпбекович

Садыков, Болотбек Жакыпбекович (1957, Ат-Башы району, Кара-Булуң айылы) — «Манас» изилдөөчү. СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүткөн (1982). Ат-Башы районундагы Кара-Булуң орто мектебинде мугалим болгон (1985-жылга чейин). Кыргыз ССР Илимдер академиясынын аспирантурасын бүтүрүп (1988—91), «Манас» эпосунун көркөм составындагы фольклордук жанрлардын функциясы» деген темада кандидаттык диссертациясын (Алматы, 1992) коргогон. 1991жылдан Кыргыз республикасынын Илимдер академиясынын Адабият жана искусство институтунун «Манас» бөлүмүнүн илимий кызматкери. «Манас» эпосу боюнча бир нече илимий макалалардын автору.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)