Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Сакталуу закондору

Сакталуу закондору - айрым физ. чоңдуктардын ар кандай процессте убакыт бирдиги ичинде маанисинин өзгөрбөстүгү. Берилген физ. системаны толук сүрөттөө динамикалык закондордун негизинде гана жүргүзүлөт. Бирок көп учурда системалардын динамикалык закондору белгисиз же өтө татаал болуп калат. Мындай учурда сакталуу закон системанын мүнөзү жөнүндө айрым корутундуларды чыгарууга мүмкүндүк берет. Анын негизин энергиянын, импульстун, кыймыл санынын, электр зарядынын сакталуу закондорудору түзөт. Сакталуу идеясы алгач философияда пайда болгон. Байыркы заманда эле философтор дайыма өзгөрүүчү бул дүйнөдө кандайдыр бир өзгөрбөөчү туруктуу нерсе - материя бар деген ойго келишкен. Механиканын матем. аныкталышынын негизинде массанын (А. Лавуазье) жана мех. энергиянын (Г. Лейбниц) С. з. пайда болгон. Кийин физиктер Ю. А. Майер, Ж. Жоуль жана Г. Гельмгольц эксперименттерде мех. эмес кубулуштардагы энергиянын С. з-н ачышкан. Ошентип, 19- кылымдын ортосуна чейин материя менен кыймылдын сакталуу закон белгилүү болгон. 20-кылымдын башында А. Эйн штейн түзгөн салыштырмалуулуктун атайын теориясынын негизинде сакталуу закондору түп-тамырынан өзгөрүүгө дуушар болгон. Жарык ылдамдыгына салыштырмалуу ылдамдыктар үчүн релятивдүү механика пайда болуп, нерсенин массасынын ылдамдыгына көз карандылыгы аныкталат. Толук энергиянын массага пропорциялаш экени ачылган: Е=тс2. Натыйжада абстракттуу болгон энергиянын сакталуу закондору сандуу формулага айланат. Сакталуу закондору кванттык теорияда, анын ичинде элементардык бөлүкчөлөрдүн теориясында чоң роль ойнойт. Тартылуу теориясынын өнүгүшү мейкиндик-убакыт симметриясын жана фундаменттик сакталуу закон кайрадан карап чыгуу маселесин жаратууда.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)