Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Салиев Азиз

Баш барак | Биографиялар | Салиев Азиз

Салиев Азиз(1925-жылы туулган, Тоң району, Тоң айылы) - философ, адабий сынчы, публицист, коомдук ишмер, Кыргыз Республиканын УИАнын академик (1993), корр. мүчөсү (1954). Кыргыз мамлекеттик педагогикалык интунун (азыркы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Институту (КМУУ)) орус тил жана адабият факультетин бүткөн (1947). Кыргызстан КП БКга караштуу республикалык партия мектебинин философия кафедрасынын башчысы (1951—53), Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасй (1953—60), Кыргыз Республиканын УИАнын эстетика жана искусство секторунун башчысы (1960—66, кайра 1975—85), Философия жана укук институтунун директору (1966—75), 1985жылдан ошол эле институтта (азыркы философия) рухий маданият проблемалары бөлүмүнүн башчысы. Эмгектеринде иск-вонун эстетикалык касиеттери жана коом турмушундагы мааниси, көркөм кабылдоонун өзгөчөлүгү, ойлоонун табияты жана анын система катары көрүнүшү жөнүндөгү маселелерди, улуттук мад-ттын түрдүү жактарын теория жүзүндө терең изилдеген. С-дин илимий назары, чабыты гносеологиядан психологияга, логикадан искусство таанууга, социологиядан этикага чейинки эң кеңири тармактарга багытталган. «Искусстводогу улуттук жана интернационалдык белгилер» (1973), «Кыргыз искусствосунун тарыхы» (1972), «Жизнь в стихах» (1962), «Что такое мысль» (1972), «Мышление как система» (1974), «Человеческая психология и искусство» (1979), «Разум и время» (1986) жана башкалар эмгектердин автору. Азыр илимпоздун «Учение о разуме» деген эмгеги басууга даяр. Этикага, мамлекеттик тилге, кыргыздын улуттук кол өнөрүнө, турмуш тиричилик маданиятына, иск-вого арналган публицистикалык берүүлөрү да бар. 150дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 10 монография) автору.

Марксизмленинизм классиктеринин эмгектерин кыргызчага которгон. 1955—59-жылы Кыргыз Республиканын Жогорку Кеңешинин депутаты. Эки «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 604, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу