Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сары аары

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Сары аары

Бул аарылар сарала соот кийген аскерлерди элестетет. Аны кыпча бели сымбаттуу, тыкан көрсөтөт. Куйрук жагындагы кынга салгандай катылуу курч ийнеси - алардын коркунучтуу куралы. Жылтылдаган эки жуп жаргак канаттары анын алыс учушуна жана учуу багытын чукул өзгөртүүгө мүмкүндүк берет. Алар дайыма тобу менен жүрүшөт. Аарынын уясын кокусунан же атайылап бузган адам coo калбайт. Ага аарылар зыңылдаган боюнча жабалактап, чабуул жасап, туш келди талап чага башташат. Сары аарынын ийнесинин түбүндө уулуу бездери болот, ошондуктан ал чаккан жер дароо шишип чыгат. Ал эми майда жандыктарды аарылар өлтүрө чагышы да мүмкүн.

Жапайы сары аарылар уяларын бактын же бадалдын бутактарына, жарака, көңдөйлөргө салат. Мындай уялар бозомтук картондон жасалган чоң шарга окшошуп кетет. Алар аны өздөрү жасаган кагаздан курат. Ал үчүн аары кургак устундун боору менен жай жөрмөлөп, жаагы менен кырып алат да, кырындыны шилекейи менен аралаштырып, уясынын дубалын тургузат. Сары аарынын чөптүн арасынан учуп чыгып, бир аздан кийин кайра ошол жерге келгенин байкадынар беле? Чөптү аяр жапырып, кургак чырпыкты, анын бутагындагы бозомтук чөйчөкчөнү көрүүгө болот. Ал жерге кыймылдабай бир аз жатсаңар, аары учуп келип, чөйчөкчөнүн кыры менен жөрмөлөп, аны бийиктетип кура баштайт.

Эгер кийин ошол жерге кайра келсеңер, чөйчөкчөдө жумурткалар пайда болгондугун, андан кийин анын четтери имерилип ичин көрүүгө мүмкүн эмес болуп туюкталгандыгын байкайсыңар. Күзгө жуук уя кичирээк муштумдай өлчөмгө жетет. Андан тааныш зыңылдаган үн угулуп, уядан авианосецтерден учуп чыккан учактардай он чакты аары биринин артынан бири учуп чыгат. Булар жумурткадан жаны чыккан бала аарылар. Ошентсе да сак болгула! Сары аары бал аарысы сыяктуу эле таттууну жакшы көрөт. Шаарда алар таттуу шире үчүн газдалган суусу бар автоматтарды чарк айланып учушат. Канткен менен аары - жырткыч, алар өз личинкаларына жеген курт-кумурскаларды майдалап чайнап берип азыктандырат.

Өзгөчө жалгыз жашоочу аарылардын турмушу кызык. Ага сымбаттуу, кымча бел, кара курсактуу аары - аммофила кирет. Ал ийинине эжеке бээ саа куртун алып келгенден кийин гана жумуртка таштайт. Андай семиз эжеке бээ саа куртун аары борпоң топурактан мурутчасы менен чукуп коёт. Ошентип таап, аны ийнеси менен нерв борборуна таамай сайып, шал кылат.

Эжеке бээ саа курту кыймылдабаган менен өлбөйт. Ошентип, аарынын өсүп келе жаткан личинкасы тамак менен камсыз болот. Илимпоздор көптөгөн тажрыйбаларды жүргүзүп, аарылар акыл менен эмес, укумдан тукумга өткөн инстинктин күчү менен аракеттенишерин далилдешкен. Эгер даярдалган эжеке бээ сааны ийинден алып салса, аарылар аны сезбей, ийиндин оозун жаап салышат. Ал түгүл майда ташты тиштеп келип, аны менен ийиндин оозундагы топуракты тап-тап, үстүнө ар кандай чөп-чар таштап, бул жерде ийин болбогондой көмүскөлөп жашырат. Сары аары мыкты аңчы болуп эсептелет.

Анын көпчүлүгү чарбага пайда келтирет. Мисалы, бембекс сары аарылары мал короонун тегерегиндеги чымын менен көгөндөрдү кармап жейт. Алар өз личинкаларына азык камдабайт, күнүмдүк тапкан азыгын ийинге улам ташып турат. Бембекс сары аарысы бир гана личинкасы үчүн 14-15 күндө 50-80 чымын-чиркейди кармайт. Ал эми анын бир эмес, бир нече ийини менен личинкасы болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1286, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо