Сары-Булак кум кени

Сары-Булак кум кени Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Жалал-Абад шаарынан 15–18 км түндүк-чыгышта, деңиз деңгээлинен 1020–1215 м бийиктикте. 1980-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын бор мезгилинде пайда болгон чөкмө тоотек катмарлары түзөт. Кен арасы чопо катмарчасы менен бөлүнгөн, начар камдашкан эшилме кумдуктун 3 катмарынан турат. Алардын жалпы калыңдыгы 125 м (чопонуку – 3,5–15 м). Негизинен кварц (90%) менен талаа шпатынан (8%) турат, слюда, органикалык кошунду жокко эсе. Кварц куму агыш боз жана кызгылтым түстө, майда бүртүкчөлүү. Көзөнөктүү бетон жана силикат кирпичин даярдоого жарактуу. Запасы А+В категориясы боюнча – 13916 миң м3, С1– 16298 миң м3, А+В+С1– 30214 миң м3. 1997-жылга карата баланстагы запасы А – 3452 миң м3, В – 10160 миң м3, С1– 16304 миң м3 А+В+С1– 29916 миң м3.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)