Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Саз

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Саз

Деңиз да эмес, жер да эмес - киши өтө албай, кеме жүрбөс. Бул эмне тапкылачы? Албетте, бул - саз. Жер шарында саз абдан көп. Алар көбүнчө суу акпай токтоп калган ойдуң жерлерде пайда болот. Көз алдыңарга суу агып чыкпаган көлдү элестеткилечи. Суу жердин терең катмарына сиңип да кете албайт - ага суу өткөрбөс чопо же таштуу грунт же катуу кыртыш тоскоол болот. Мындай көлдө суулар токтоп калат да, түбүнө балыр, камыш өсүп, ыраң, суу котуру, мамык чөптөр басат. Кыш келгенде бул өсүмдүктөрдүн жашыл бөлүгү куурап калат да, жайында кайрадан өсүп чыгат.

Ошентип көлдүн үстүндө калың, былкылдап, солкулдаган өсүмдүк катмары пайда болот, анын үстү менен басуу өтө коркунучтуу - бутуң тиери менен соруп кетет. Абдан терең же суу түбүнөн булак чыккан жерлерден гана таза суунун бети көрүнөт. Көлгө куйган майда суулар да тынымсыз кум менен баткак агызып келет. Ошентип кол сазга айланат. Кыйылган же өрттөнгөн токойлуу жерде да саз пайда болот. Мурун жалбырак аркылуу бууланып кетүүчү топурак катмарынын астындагы суу жер бетине чыгып, аны сазга айландырат. Сазда өзүнүн өсүмдүктөр дүйнөсү болуп, анда түрдүү мамык чөп, камыш, тростник, коко чөп, клюква өсөт.

Бирок баарынан мамык чөптөр көп өсөт. Жаныбарлардан: доңуз, багыш, сазда жашоочу канаттуулар, бака, жылан, сүлүк курт, ийнелик, чымын-чиркейлер жашайт. Адам тиричилигине саз ыңгайсыз. Мал жайып, эгин эгүүгө болбойт. Чиркейи адамга безгек жугузат... Бул саздан таптакыр пайда жок дегенди билгизеби? Жок, андай эмес. Биринчиден, саз өзүнө эбегейсиз көп нымдуулукту сактап, көп дарыялардын суусунун азайышына жол бербейт. Экинчиден, куураган өсүмдүктөрдүн калдыктары суу түбүндө абасыз чирип, чым көңгө айланат.

Чым көң болсо абдан баалуу. Отун катары жагылат, талааларга семирткич катары чачылып, химиялык заводдо, курулушта колдонулат. Саздан кургатылган жер өндүрүмдүү келип түшүм мол алынат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1275, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо