Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Секулярдаштыруу

Секулярдаштыруу – чиркөөнүн, мечиттин жана кечилкананын (монастрдын) мүлкүн мамлекеттин мүлкүнө айландыруу, тактап айтканда мечиттин, чиркөөнүн менчигин алып, атуулдук менчикке берүү.

Секулярдаштыруу – бул диний институттарды социалдык кызматынан ажыратуу, диний ырым-жырымдарды, түшүнүктөрдү сүрүп чыгарып, аларды мамлекеттики менен алмаштыруу, коомдо жана жеке адам аң-сезиминде материалисттик, атеисттик көз караштарды бекемдөө. Азыркы учурда көптөгөн өлкөлөрдө дин мамлекеттен ажыратылган, бирок демократиянын принциптерин сактаган коомдо мамлекеттин коопсуздугуна, кызыкчылыгына коркунуч туудурбаса, диний иш-аракеттерге тыюу салынбайт.

Негизинен, маркстык адабияттарда коомду жана жеке адамды диндин таасирлеринен бошотуу үчүн иштелип чыккан көз караш.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)