Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Сепкил

Сепкил — тегерек же сүйрү формадагы ачык сарыдан, кочкул күрөң түстөгү пигменттүү тактар. Бетте, колдун сыртында, ийинде, кээде далыда, көкүрөктө симметриялуу жайгашат. Адатта жаз — жай мезгилинде көбөйүп, айрым учурда биригип жайылып да кетет. Кышында С-дин түсү өчүңкү тартып, анча байкалбай калат. Көбүнчө 30 жаштан кийин С. жоголот. С-ди таптакыр жоготуучу каражат жок. Анын алдын алуунун мааниси чоң. Эрте жаздан баштап, кеч күзгө чейин көчөгө чыгарда бетке атайын коргогуч бет май («Луч», «Щит», «Защитный») сыйпап жана упалануу зарыл, упага (1 чай кашыгына) салол же уротропиндин 1 таблеткасын майдалап кошуу керек. С-ди врачтык косметикалык кабинетте жоготууга болот. Үй шартында С-ди агартуу үчүн бетке айран, эки-үч күн турган кефир же суутектин өтө кычкылынын 3%түү эритмесин сыйпаса болот. Жай мезгилинде лимондун же быша элек кара карагаттын ширесин сыйпоо сунуш кылынат.

«Мелан», «Ахромин» бет майлары да сепкилдин өңүн өчүрөт. Бул бет майларды күндүз көчөгө чыгарда сыйпанууга жарабайт. Кош бойлуу аялдар мындай бет майларды колдонууга болбойт. Ошондой эле Шилтеме: Пигменттүү тактар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)