Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Сезгенүү

Сезгенүү — зыяндуу агенттердин таасирине организмдин коргонуу жана ыңгайлануу реакциясы. С. экзогендик (сырткы) жана эндогендик (ички) себептерден пайда болот. С. реакциясы бузулуу очогун бүтүндөй организмден бөлүп турат, аны көздөй фагоцитозду ишке ашыруучу кандын ак клеткалары жылат. Ошону менен бирге антитело пайда кылууга жөндөмдүү кандын ак клеткаларынын жана ткандын өзгөчө клеткасынын көбөйүшүнүн натыйжасында жергиликтүү жана жалпы иммунитет күчөйт. С-нүн сырткы белгилери: ал жер кызарып, шишийт, ысыйт, сезгенген жер ооруйт, ткандардын функциясы, зат алмашуу бузулат. С. экссудаттык альтерация жана пролиферация болуп бөлүнөт. Алгач С. башталган жерде кан тамыр кыска мөөнөттө тарып, кайра кеңеет да, кандын жүрүшү ылдамдайт (артериялык кызаруу), андан кийин басаңдап, вена кан тамырлары кеңеет (веналык кызаруу). Ушунун негизинде кан тамырдан ткандарга плазма (кандын суюк бөлүгү) жана лейкоциттер (экссудат) чыгат. Экссудат сероздук (кан сары суусунан), фибриндик (белогу көп), лейкоциттик (лейкоцити көп), геморрагиялык (эритропиттин саны көп) жана ириңдүү болот. Экссудат дененин көңдөй жерине топтолушу мүмкүн (мисалы, плеврит).

Экссудат заттар айланасындагы клеткалардын көбөйүшүнө жана өсүшүнө түрткү берет. Альтерациялык С-дө ткандардын тамактануусу жана зат алмашуусу начарлап, алардын структурасы жана функциясы бузулат, дистрофиядан некрозго чейин өзгөрөт. Пролиферацияда клетка элементи көбөйүп ткандар калыңданат. Андан кийин ткандар калыбына келе баштайт. Мында майда тромбдор, өлгөн ткандар тарап кетет. Некроздон жабыркаган жер тырык болуп бүтөт.

С. ички органдарда болсо, анын көлөмүнө жараша денеде ар кандай коргонуу реакциясы болуп, организмде антитело пайда болот. Ошону менен катар бактерия жана өлүк ткандардын продуктулары тарап, денени уулантышы мүмкүн, анда ысытма болуп, канда лейкоцит көбөйүп, эритроциттин чөгүү реакциясы (РОЭ) жогорулайт. Айрым учурда сезгенген жердеги бактериялар дененин башка жерине метастаз жол менен барып, башка органдарды сезгентиши мүмкүн.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)