Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Шаманчылык

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Шаманчылык

Шаманчылык (эвенк, шаман, саман - долооругон адам) - диндин эн илгерки формасы. Шаманчылык камлания (эмдоо-домдоо ырларын-дубаларын ырдоо ошондой эле даб же болбосо жаргак аркылуу капталган жалпак тегерек формадагы музыка инструментин соккулоо аркылуу коштолуп, адамды долооругон экстаз сындуу абалга алып келуучу ырым-жырым) убагында шамандын же бубу-бакшынын козго корунбогон рухтар менен мамиле тузуусуно байланышкан ишенимге негизделген. Ошон учун, Шаманчылык дининде адамдар жана рухтар дуйносунун ортосундагы далдалчылык ишти шаман аткарган. Шаманчылык Африканын, Тундук жана Чыгыш Азиянын калк арасында, Американын индеец уруулар ичинде кенири таралган. Шаманчылыктын башкы функциясы - дарт-дабалуу адамдарды «дарылоо». Шамандар камлания мезгилинде жеке адамдардын жан кожоюну эсептелген рухтардан адамды дартка чалдыктырган оору-сыркоону кетирууну, тумарларга куч берууну, толго тартууну, балалуу боло албагандарга бала тартуулоону, малдын толунун амандыгын, тушумдун кенири-мол болушун жана башкаларды суранышкан, жин-шайтандар, албарсты сыяктуу терс кучтор менен кармашышкан, кожоюн рухтардан озунун каалоо-тилегин ишке ашырууну отунушкон, рухтардын атын атоо менен козу ачыктык кылышкан, тулоо, курмандыкка чалуу окшогон магиялык иш-аракеттердин жардамы аркылуу рухтардан сыркоологон адамдын жанын, жаны торолгон наристенин кучун, ийгиликтуу анчылыкты сурап алышкан. Шаманчылык дини палеолит доорунда пайда болгон. Илгерки адамдар оздорунун олгон туугандарынан корккон ошондой эле аларды урматташкан.

Алардын оюу боюнча олгон адамдын жаны бул дуйнодо дагы деле жашай берген. Ошондуктан алар арбактарды тамак-аш, кийим кечек жана башка буюмдар менен камсыздашкан, алар менен кошо жаныбарларды комушкон, олгон адам ушубосун учун соокту очоктон алыс эмес жерге комушкон жана башка ушул сыяктуу магиялык иштерди жасашкан. Аска бетиндеги суроттордо ийгиликтуу анчылыкты шарттаган ырым-жырым бийлери, сакталып калган. Бул суроттордо жаныбарлар сыяктанып кийинген шамандар озгочолонуп турат. Байыркы адамдар шамандардын образы аркылуу, адамдын омуру менен олумун, жаны менен денесин терен тушунууго аракет кылышкан.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 845, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу