Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Шамен Токтобаев

Баш барак | Биографиялар | Шамен Токтобаев

(1880, Күн-Чыгыш айылы, азыркы Тоң району, Бөкөнбаев айылы -1981, ошол эле жер) - кыргыздын жазма акыны. Кедейдин үйбүлөсүнөн. шаары мугалим (1920—32), партия уюмуна катчы, колхоз башкармасына төрага (1935—38) болгон; устачылык жана башкалар жумупггарда иштеген. 1957-жылдан СССР жазуучулар союзуна мүчө. Чыгармачылыгы Октябрь рев-ясынан алда канча мурда бапггалган. «Жетимдин зары», «Текесчи», «Алтын балык», «Булбул», «Малай жөнүндө» аттуу ырлар менен поэмаларында карапайым элдин муң-зары туюнтулган. Октябрь рев-ясынан кийин шаары компартия, эл-жер, колхоз турмушу ждө жазган; «Жаңы доор» (1919), «Кедейдыйкандарга» (1921), «Ирилешкен колхозго» (1950), «Мен Москваны көргөндө» (1954), «Лениндин мавзолейи» (1954) жана башкалар 1957-жылга чейин шаары чыгармаларын басмага берген эмес, көбү жоголуп кеткен.

1957-жылы акын Кыргызстан жазуучулар союзуна 4000 сап ыр, бир нече поэма тапшырган. Ш-дин «Ырлар» (1963), «Кербезим» (1966), «Тоо ыры» (1972), «Кыргыз көлү» (1972) деген китептери басылып чыккан.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 541, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо