Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Шатман Садыбакасов

Баш барак | Биографиялар | Шатман Садыбакасов
Шатман СадыбакасовАкын, прозаик Шатман Садыбакасов Нарын облусунун Жумгал районунун Дыйкан айылында 1932-жылдын 25-майында эмгечилдин үй-бүлөөсүндө туулган. 1950-жылы мектепти, 1955-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетин бүтүргөн. Биринчи эмгек жолун Жаш ленинчи гезитинин редакциясында адабий кызматчы болуп баштаган. 1961-жылдан баштап Кыргызстан гезитинин басмасында редактор болуп эмгектенген, 1965-жылы бөлүм башчы, ал эми 1975-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Ала-Тоо журналынын башкы редактору болуп эмгектенген. 1962-жылдан тартып КПССтин мүчөсү, 1960-жылы СП СССРдин мүчөсү.



Адабий чыгармачылык менен 50-жылдардан тартып иштей баштаган. Жазуучунун биринчи китеби 1958-жылы жарык көргөн Пейил аттуу аңгеме жыйнагы болгон. Ал эми Садыбакасовдун чыгармаларынын олуттуусу 1965-жылы чыккан Күндөр романы, орус тилине которулуп басылып чыккан Ак боз ат драмасы болгон. Ондогон проза жыйнактарынын, бир поэтикалык жыйнактын жана бир катар орус тилиндеги басмалардын автору.



Шатман Садыбакасов 1983-жылдын 3-августунда Фрунзе шаарында каза болгон.



Бүгүнкү күнгө чейин Шатман Садыбакасов талаптуу кыргыз авторлорунун бири.



Ал эми жазуучунун 1965-жылы жарык көргөн Күндөр аттуу романын критиктер Кыргыз адабиятынын жаркын кубулушу - деп аташкан.



Замандаштарын эскерүүлөрү боюнча Шатман Садыбакасов атак-даңкка умтулбаган, жөнөкөй адам болчу экен. Анын чыгармачылык жылдарында Каарман эмгеги үчүн медалынын ээси болуп, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.



Кыргыз тилиндеги чыгармалары:



Пейил: аңгемелер жыйнагы - 1958-жыл (150 бет)

Мүнөз: аңгемелер, очерктер - 1960-жыл (77 бет)

Жол түгөнбөйт: аңгемелер жана мыскылдар - 1962-жыл (170 бет)

Бир үзүм жалын: Повесть - 1964-жыл (162 бет)

Күндөр: Роман - 1965-жыл – (340 бет)

Ленинди, партияны ырдайбыз: Ленин, партия жөнүндө ырлар - 1967-жыл

Жашыл өзөн: Ырлар - 1968-жыл (112 бет)

Сонун бала: Аңгемелер - 1968-жыл (21 бет)

Кең дүйнө: Чыгармалар жыйнагы - 1976-жыл (468 бет)

Бир үзүм жалын: Повесть жана аңгемелер - 1981-жыл (192 бет)

Күзгү: Аңгемелер - 1981-жыл (30 бет)

Ажайып күндөр: Роман, аңгемелер, пьесалар, азилдер - 1982-жыл (407 бет)

Ажайып күндөр: Роман - 1982-жыл (406 бет)

Күзгү: Аңгемелер - 1987-жыл (30 бет)

Ак боз ат: Драмалар, интермедиялар - 1989-жыл (140 бет)
Сайтка жарнама жайгаштыруу