Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Шертпул

Шертпул – милдеттенмени камсыз кылуунун бир ыкмасы. Өзара макулдашып жаткан тараптардын бири келишим түзүлүп, анын аткарыла башташынын далили катары төлөм келишими боюнча эсептен башка бир тарапка алдынала берген акча өлчөмү. Ал милдеттенме аткарылганга чейин эле тараптардын макулдугу боюнча же мүмкүнчүлүктүн жоктугунан улам токтотулуп калса, мурда берилген Ш. кайра кайтарылууга тийиш. Эгерде келишимдин аткарылбай калышына Ш. берген тарап жоопкер болсо, Ш. ошол бойдон экинчи тарапта кала берет. Эгер келишимдин аткарылбай калышына Ш. алган тарап күнөлүү болсо, ал берилген Ш-ду эки эсе өлчөмүндө кайрып берүүгө милдеттүү. Мындан сырткары, келишимде андан башка шарт каралбагандыктан, келишимдин аткарылбай калышына жоопкерчилик тарткан тарап Ш. менен кошо баардык чыгымдардын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)