Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Шолохов Михаил Александрович (1905-1985)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Шолохов Михаил Александрович (1905-1985)

Шолохов Дондогу Вешенская станциясында туулган. Атасы уулуна арнап китеп жыйнаган. Алардын ичинде Л. Н. Толстой, Н. В. Гоголь баш болгон бир катар орус жазуучуларынын китептери бар эле. Шолоховдун сөз кадырын билип өсүшүнө энесинин эмгеги да зор. Ал эски уламыштарды көп билген сөзмөр адам болгон. Эптеп күн көрүү үчүн Шолоховдун үй-бүлөсү хутордон хуторго, бир станицадан экинчи станицага көчүп жүргөн. Шолохов алгач башталгыч мектепте, андан кийин гимназияда бир аз окуйт. Анын адабиятка куштарлыгы ошол жылдары артат. Граждандык согуштун башталышына байланыштуу Шолохов гимназияны таштоого мажбур болгон. Ал өз өмүр баянында бул жөнүндө: «Он беш жашымда чоңдордун сабатсыздыгын жоюу мугалими болуп, андан кийин азык-түлүккө байланыштуу кызматта иштөөгө туура келди... Дон боюнда банданы кубалаган кездер да болду...» - деп жазган.

1926-жылы Шолоховдун «Дон аңгемелери» жарык көрөт. Жаш жазуучу бул аңгемёлеринде Дондо жашаган казактардын турмуш-тиричилигин андагы Граждандык согуш, кыштактагы улуу өзгөрүштөр жөнүндө баяндаган. Жазуучунун калеминен революциялык доордун бүткүл тарыхый окуяларын кенен камтыган 4 томдуу «Тынч Дон» эпопеясы, кыштак турмушуна улуу өзгөрүш киргизген колхоздоштуруу учурун баяндаган «Көтөрүлгөн дың» романы, согуш трагедиясын көрсөткөн «Адамдын тагдыры» аңгемеси, элдин Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдигин сүрөттөөгө «Алар Мекен үчүн салгылашкан» романы жана башка мыкты чыгармалар жаралган. Заманыбыздын улуу жазуучусу, Социалисттик Эмгектин эки жолу Баатыры, Лениндик жана СССР Мамлекеттик сыйлыгынын, Нобель сыйлыгынын лауреаты, академик жазуучу Михаил Александрович Шолоховдун ысымын адабиятты сүйгөн адамзат айрыкча урматтайт.

Шолохов кыргызча дайындаган Арзуубеков Т.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1368, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-01-29
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу