Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Швейцария

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Швейцария

Жеринин аянты - 41290 чарчы чакырым. Калкы - 728300 адам. Швейцария Батыш Европанын дээрлик борборунда жайгашкан. Өлкөнүн бештен үч бөлүгүн чокусунан түбөлүк муз кетпеген, тик аскалуу, түпсүз терең жаракалуу, күркүрөп аккан шаркыратмалуу тоолор ээлейт. Швейцария Австриялык бийликтерге баш ийип турган, алар швейцариялыктарга ырайымсыздык менен мамиле кылышып, зордук-зомбулук көрсөтүшкөн. Вильгельм Телль эркиндикти сүйгөн адам эле. Австриялык башкаруучу мырза Вильгельм Теллди кордоп, аны үйүнүн астына орнотулган узун мамыга илинген калпагына тизе бүгүп жүгүнүүнү талап кылат. Бирок Вильгельм аны аткаруудан баш тартат. Буга каарданган зулум башкаруучу Вильгельм Теллди желдеттерине карматып келет. Теллди жазалоо максатында анын өз баласынын башына алма коюп, аны атып түшүрүүнү буюрат. Телль аткан жебе баласына кенедей да зыян келтирбей, алманы жарып өтөт.

Ал эми экинчи жебе менен ал залим мырзаны так жүрөккө атып өлтүрөт. Теллдин бул эрдиги элдин көтөрүлүшкө чыгуусуна түрткү болуп, калк баскынчыларды өз жеринен кууп чыгат. Эл оозундагы уламыш ушундай айтылат. Чындыгында швейцариялыктар оор жана узакка созулган күрөштү башынан өткөргөн. 1291-жылы үч кантондун (өлкөнүн районунда) жашоочулары австриялыктарга каршы биргелешип күрөшүү үчүн өз ара келишим түзүшөт. Кийин аларга башка кантондогулар да кошулушат. Ошентип эл өз көз карандысыздыгын коргоп калган. 19-кылымдын аягынан бул мамлекет Швейцария Конфедерациясы («конфедерация» - «союз» дегенди билдирет) деп аталат.

Анда 22 кантон бар. Швейцарияда туруктуу армия жок. 150 жылдан ашык убакыттан бери ал бир да согушка катышкан жок. 1815-жылы Швейцарияда анын туруктуу бейтараптуулугу, башкача айтканда, анын эл аралык эч кандай кагылышууларга катышпоосу жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Узак мезгил өкүм сүргөн бейпил турмуш анын чарбасынын өнүгүшүнө шарт түзгөн. Швейцария - өнүккөн өлкө. Жери пайдалуу кендерге жарды. Өнөр жайга керектелүүчү сырьёлордун дээрлик бардыгы башка өлкөлөрдөн ташылып келинет. Ошондуктан Швейцарияда сырьё (чийки зат) аз керектелүүчү зергерчилик, саат жасоо сыяктуу тармактар жакшы өнүккөн.

Өзгөчө өзүнүн чыгарган сааттары менен даңкталат. Андан жыл сайын башка өлкөлөргө 80 миллионго жакын саат жөнөтүлөт. Бүткүл дүйнөнүн финансы ишинде швейцариялык банкирлердин ролу зор. Өлкөнүн тоолуу аймактарында тоолуу жайыттар көп. Ошондуктан анда мал чарбасы жакшы өнүккөн. Аймагынын көбү тоолуу келип, айдоо аянттары өтө аз, ошондуктан дыйкандар айдоого ылайыктуу алакандай жерди да үнөмдүү пайдаланышат. Ошондой болсо да айыл чарба продукциясы жетишпейт, аны чет өлкөлөрдөн алып келүүгө туура келет. Европанын бардык өлкөлөрүнөн чыккан революционерлер бейтарап өлкө Швейцарияга келип баш калкалашкан. Бул өлкөдө кезегинде В. И. Ленин да жети жылга жакын жашаган. Женева шаарын көпчүлүк убакта өтө маанилүү эл аралык окуяларга байланыштырып эске салышат. Бул шаарда көптөгөн эл аралык уюмдар бар, ошондуктан мында маанилүү эл аралык конференция, жолугушуу, сүйлөшүүлөр өткөрүлүп турат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4403, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу