Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сингармонизм

Баш барак | Башкалар | Сингармонизм

Сингармонизм (грек тилинен συν-[sin] — «менен, бирге» жана ἁρμονία [harmonia] — «үндөштүк, шайкештик, окшоштук», кыргызча — үндүүлөрдүн үндөшүүсү) — бир сөздүн ичиндеги үндүү тыбыштардын (кээде үнсүз тыбыштардын) бир же бир нече катар, жогорулоо (ачыктык) же тереңдетилген сыяктуу фонетикалык белгилери боюнча окшоштуктардан турган морфология-фонетикалык көрүнүш.

Мазмуну

Сингармонизм кубулушу негизинен агглютинативдик тилдерге мүнөздүү. Сингармонизм катары жана тереңдетилгендиги боюнча көпчүлүк түрк тилдеринин вокализмине мүнөздүү. Финн-угор тобундагы батыш тилдеринде үндүүлөрдүн үн калыптануу (алдыңкы же арткы) катары боюнча гармония мыйзамы иштейт. Тибет тилине жогорулоо (көтөрүлүү) боюнча сингармонизм мүнөздүү. Сингармонизм көрүнүшү тигил же бул деңгээлде көптөгөн дүйнө тилдеринде (акан, игбо, бежтин, такелма, сранан-тонго, сарамаккан, лингала, сесото, түндүк сото ж.б.) кездешет.

Сингармонизм менен умлаут катышы

Сингармонизм түшүнүгүндө көбүнчө кийинки үндүүнүн муруңкусуна окшошуусу түшүнүлөт (прогрессивдүү сингармонизм). Регрессивдүү сингармонизм умлаут деп аталат.

Сингармонизм менен аблаут катышы

Аблаут сингармонизмден позициялык шарттуулуктун жоктугу же милдеттүү эместиги менен айырмаланат. Ошол эле учурда сингармонизм менен аблауттун бир убакта болушу мүмкүн.

Сингармонизмдин жоголуусу

Прогрессивдүү сингармонизм (жарым жартылай же толугу менен көрүнгөн) эстон жана кээ бир башка финн-угор, самодиялык тилдерде; кээ бир түрк тилдеринде (адабий өзбек тилинде, уйгур, крымчак[кыпчак], урум, түрк тилинин балкан диалектинде, салар, сары-уйгур тилдеринде) жана япон тилинде жок болгон. Бул процесс катар категориясынын фонематикалык маанилүүлүгүн жоготуу менен коштолушу мүмкүн болмок.

Умлаут жарым-жартылай же толугу менен позициялык шартталган өзгөрүү катары жок болуп, дээрлик экинчилик аблаутка айланган, мисалы, герман (англисче goose «каз» — geese), якут (хатын//хотун «аял» сыяктуу дублеттердин болушу) тилдеринде.

Үндүүлөр гармониясы бар тилдер

Казак тили

Казак тилиндеги үндүүлөр гармония системасы — бул, биринчи кезекте алдыңкы/арткы система (башкача айтканда, алдыңкы жана арткы катардын үндүүлөрү), бирок жазууда чагылдырылбаган жалпылоо гармония системасы да бар.

Моңгол тили

Сингармонизм Монголиянын мамлекеттик тили болгон азыркы халха-монгол тилинде берилген.

Кыргыз тилинде

Негизги макала — Үндөштүк мыйзамы

Үндүүлөрдүн үндөшүү мыйзамы жылпы тил илиминде — сингармонизм аталат.

Мисал:

Эгер, көрсөтүлгөн мисалдарда үндүүлөрдүн үндөшүү мыйзамы болбогондо сөздөр: билымлууга, тоолыкнын, кемчылыклар деген бойдон калмак. Бирок, үндүүлөрдүн үндөшүү мыйзамы болгондуктан булар: билимдүүгө, тоолуктун, кемчиликтер болуп өзгөрдү.

Ушул жерден сөздөрдү окууда же айтууда үндүн угулушу артыкчылык кылып турганын байкоого болот. Сингармонизм мыйзамы ушундай.

Тагыраак айтканда өзүнө чейинки үндүүгө карай (өзүнө чейинки үндүүлөр кызыл менен бегилеп көрсөттүк: билимдүүгө, тоолуктун, кемчиликтер) кийинки үндүү тыбыштардын үндөшүүсү же окшошуусу.

Ушул сингармонизм мыйзамы кыргыз элинде төкмөчүлүк өнөр, манас эпосунун өнүгүшүнө, пайда болушуна чоң салым кошкон.

Үндүүлөрдүн үндөшүү мыйзамы же сингармонизм үндүү тыбыштардын бөлүнүшүнө түздөн-түз байланыштуу жана аларга көз каранды.

Эске сала кетсек, үндүү тыбыштар жалпысынан төркө бөлүнөт: жаактын ачылышына, созулушуна, эриндин катышына жана тилге карай. Ал эми үндүүлөрдүн үндөшүүсү же сингармонизм айтылгандардын экөөсү, тагыраак айтканда эриндин катышына карай жана тилге карай үндөшөт.

Үндүү тыбыштардын эринге карай үндөшүүсү: эгер биринчи тыбыш эринчил үндүү болсо (о-у, ө-ү), кийинки тыбыштар дагы эринчил болот. Эгер биринчи тыбыш эринсиз болсо (а-ы, э-и), кийинки тыбыштар дагы эринсиз болот. Муну тыбыштардын эринге карай үндөшүүсү дейбиз.

Мисалы: алыстагылар, бул жерде үндүү тыбыштар эринсиз (а-ы), анткени биринчи тыбышы эринсиз болуп, калгандары дагы ошондой. «Ток» сөзүнө «-чылык» мүчөсүн кошсок «токчулук» (токчылык эмес) сөзү чыгат, мында «ы» тыбышы «у» тыбышына карай өзгөрүп калганын байкоого болот, «ток» сөзүндөгү «о» тыбышы эринчил, ал эми «-чылык» мүчөсүндөгү «ы» тыбышы эринсиз, ошондуктан, башында айткандай «ы» тыбышы «о» тыбышына баш ийип «у» тыбышына өзгөрдү.

Үндүү тыбыштардын тилге карай үндөшүүсү: сөздөгү биринчи үндүү тыбыш ичке болсо (э-и, ө-ү), кийинкилери дагы ичке болот. Эгер сөздөгү биринчи үндүү тыбыш жоон болсо (а-ы, о-у), кийинкилери дагы жоон болот.

Мисалы: «жакындардын» сөзүн алсак, бул жерде бардык үндүү тыбыштар тилге карай жоон, анткени, биринчи сөздөгү «а» тыбышы жоон болуп, калгандары дагы жоон. Өкүмчүлдүү сөзүн алсак, мында бардыгы ичке үндүүлөр. Бул жердеги «-чыл», «-луу» мүчөлөрү башындагы «ө-ү» тыбыштарына баш ийип «ү» тыбышындай ичке тыбышка өзгөрдү.

Кыргыз тилиндеги үндөшүү дайыма эле бирдей болбойт, кээ бир сөздөрдөгү үндөшүү эринге карай дагы, тилге карай дагы үндөшсө, башкалары тилге карай үндөшүп, эринге карай үндөшпөйт. Ушуга байланыштуу кыргыз тилиндеги үндүүлөрдүн үндөшүүсү экиге бөлүнөт: толук (толук үндөшүү) жана толук эмес (толук эмес үндөшүү) сингармонизм.

Толук сингармонизм: сөздөрдөгү үндүү тыбыштардын бардыгы (а-ы, о-у, э-и, ө-ү) толугу менен тилге карай жана эринге карай дагы үндөшөт.

Мисалы: «алсыз» сөзү — мында бардык үндүү тыбыштар эринге карай — эринсиз, тилге карай — жоон. Үгүттөөчүлөрдүн сөзүн алсак, мында бардык тыбыштар (ү-ү-өө-ү-ө-ү) тилге карай — ичке, эринге карай — эринчил. Эгеменсиз — мында тыбыштар (э-е-е-и) тилге карай ичке, эринге карай эринсиз.

Толук эмес сингармонизм: сөздөрдөгү үндүү тыбыштар тилге карай үндөшөт, эринге карай үндөшпөйт.

Мисалы: «ымалануу» сөзү — мында сөздөгү бардык үндүү тыбыштар (ы-а-уу), тилге карай бардыгы жоон, эринге карай «ы», «а» тыбыштары — эринсиз, «уу» тыбышы — эринчил. «жумалык» — бул жерде у-а-ы тыбыштары тилге карай жоон, эринге карай «у» тыбышы — эринчил, «а», «ы» тыбыштары эринсиз. «Оюнчулар» — мында бардык тыбышар (о-у-а), тилге карай жоон, эринге карай «о», «у» тыбыштары — эринчил, «а» тыбышы — эринсиз.

Сөздөрдөгү үндүү тыбыштар бардык учурда үндөшө бербейт, анткени, кээ бир учурларда үндүү тыбыштар үндөшпөй калган учурларда бар.

Кыргыз тилинин төл мүчөлөрү (сөз жасоочу, сөз өгөртүүчү, форма жасоочу) ар кандай формага өзгөрүп кетиши мүмкүн. Анын ичинде, үнсүз жана үндүү тыбыштар.

«-лар» мүчөсүн алсак, бул көптөгөн түрлөргө өзгөрүп кете алат: -лар, -лер, -лор, -лөр, -дар, -дер, -дор, -тар, -тер, -тор, -төр. Маселен, үндүүлөрдүн үндөшүүсүндө мүчөлөрдөгү үндүү тыбыштардын өзгөрүп кетүүсүн карайлы.

Мисалы: -га мүчөсүндөгү -га, -ге, -го, -гө деп өзгөрө алат. Дээрлик бардык мүчөлөрдөгү үндүү тыбыштар ушинтип өзүнө чейинки үндүү тыбыштарга баш ийип, түрдүү формага өзгөрөт.

Бирок, кыргыз тилиндеги кээ бир мүчөлөр баштапкы формасын сактап, өзгөрбөстөн калат. Башкача айтканда, өзүнө чейинки үндүү тыбыштарга баш ийбейт, үндөшпөйт. Ушуга байланыштуу кыргыз тилиндеги айрым мүчөлөрдү — ээрчибес мүчөлөр дейбиз.

Ээрчибес мүчөлөр: өзүнө чейинки мүчөлөргө баш ийбейт, алгачкы формасын өзгөртпөстөн калат.

Мисалы: «-зар» мүчөсү, өрүкзар сөзүн алалык, мында өзүнө чейин «ө», «ү» тыбыштары эринге карай — эринчил, тилге карай — ичке. А бирок, «-зар» мүчөсү өзгөрбөстөн калды. Үндүүлөр толук үндөшкөн жок. Гүлзар сөзүн алсак, өзүнө чейинки «ү» тыбышы эринге карай — эринчил, тилге карай — ичке, мында дагы үндөшүү жок.

«-кана» мүчөсүн алалык, откана, мында «о» тыбышы — эринчил жана жоон, «-кана» деген мүчөдөгү «а» тыбыштары өзгөрбөй, үндүүлөрү үндөшкөн жок.

«-көй» мүчөсүнө көз чаптырсак, «тамашакөй», «а» тыбышы жоон болуп, бирок, «-көй» мүчөсү өзгөргөн жок. Ушундай эле амалда «-стан» мүчөсүн өзүңөр карап көрсөңүз болот, «Өзбекстан» сөзү.

Сөздөрдөгү үндүү тыбыштардын үндөшпөй калган учурлары, сырттан кабыл алынган сөздөрдө дагы көп кездешет. Булар кыргыз тилинин төл сөзү эмес, бирок кыргыз лексикасында көп колдонулган Эл аралык жана башка элдерден кабыл алынган сөздөр.

Мисалы, «интернационал», мында «и» — ичке, эринсиз, «е» — ичке, эринсиз, «а» — жоон, эринсиз, «о» — жоон, эринчил. Мындай учурда үндүүлөр үндөшпөйт. Ушул сыяктуу сөздөр өтө көп учурайт.

Сырттан кабыл алынган сөздөрдөгү үндүү тыбыштар үндөшпөсө да, кыргыз тилинин төл мүчөлөрү ошол сөздөргө жалганганда сингармонизм мыйзамына толук баш иет. Тагыраак айтканда, ошол сөздөрдөгү акыркы үндүү тыбыштарга карай үндөшөт.

Мисалы, «бюллетень», мында үндүүлөр үндөшпөйт, «у» тыбышы жоон жана эринчил, «э» тыбышы ичке жана эринсиз. Бирок ага «-лар» мүчөсүн кошсок «бюллетендер» болот. Мында акыркы «э» тыбышына «а» тыбышы баш ийип, үндөштү. Ушуга эле «-нын» мүчөсүн кошсок «бюллетендердин» болуп кыргыз тилинин төл мүчөлөрү өзүлөрүнүн сингармонизмин толук сактайт.

Жайгаштыруу: 2022-02-09, Көрүүлөр: 22452, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-02-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо