Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Синтетикалык материалдар

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Синтетикалык материалдар

Адам ар кандай нерселерди жасоо үчүн материалдарды табияттан алат. Жылдар өткөн сайын мурдагыдан да көбүрөөк таш, металл, жыгач, каучук керектелген. Бирок табияттын казынасынын көбү бат эле азайды. Токойду кыркып-кесүү климаттын начарлашына, дарыялардын тартылуусуна жана башка табияттагы тең салмактуулуктун бузулуусуна алып келет. Ошондуктан табияттан алынуучу материалдардын так өзүндөй жасалма материалдарды жаратуу зарыл эле. Табиятта кездешпөөчү материалдарды да жасоо керек болду. Учак куруучуларга брондон да бекем тунук материал, ракеталардын конструкторлоруна өтө ысыкка жана муздакка бирдей чыдамдуу болгон материалдар зарыл. Кеме куруучулар жеңил жана өтө бышык материалдар менен жабдылууга тийиш. Мындай материалдарды жаратуунун үстүндө көптөгөн окумуштуу-химиктер иштешти...

Ар бир өсүмдүктө таң калыштуу кубулуштар болот. Өсүмдүктөр абадан жана топурактан жөнөкөй заттарды алат да, татаал заттарды пайда кылат. Окумуштуулар да көп жөнөкөй заттардын молекулаларынан жаңы - материалдарды кичинекей кыштардан курган сыяктуу курууну үйрөнүштү. Курулуш бардык шарты менен жүргүзүлөт. Мындай материалдын адегенде долбоору түзүлөт, анын келечектеги касиетин аныкташат.

Анан бул материалдан алына турган затты тандап алышат. Андан кийин бул затты химиялык реакциянын жардамы менен жаратышат. Реакция мезгилинде жөнөкөй молекулалар татаал молекулаларга биригишет. Мындай биригүүнү химиктер синтез деп аташат. Синтездин натыйжасында пайда болгон заттар синтетикалык деп аталат. Бирдей эле кыштардан ар түрдүү үйлөрдү курууга болот. Жөнөкөй молекулалардан табиятта белгисиз, сансыз көп татаал нерселер жасалат. Биздин планета миллиарддаган жылдар жашап келет. Ушул мезгилде табият буланын бир нече түрүн (жибек, жүн, пахта, кендир), ал эми эластик материалдан бирөөнү гана - каучукту жаратты.

Химиктер бир нече жыл ичинде ондогон синтетикалык буланы жана синтетикалык каучуктун 50дөй түрүн ойлоп табышты. Алар: сыр, пластмасса, резина, дары, синтетикалык мех, була жана башкалар.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2012, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу