Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

сирень гулу

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | сирень гулу

Созу, обону А Бердибаевдики

Жыттоого сирень гулунон,

Кете абай турдум тубунон.

Узууго журок даабады,

Уй ээсинин сурунон.

Бейбашты суйбойт заманым,

Бейпайга кантип барамын.

Калтаарып колум узо албайт,

Кармалап коюп сабагын.

Ангыча келди жаш Жамал,

Билгендей менден бир кабар.

«Агатай, - деди акырын, -

Жыттагын келсе узуп ал».

«Рахмат» - дедим мен ага,

Жакындап келди жаныма.

«Пейлибиз суйгон мейманга,

Берчубуз, - деди, - дайыма».

Журоктун сырын билгендей,

Шарт этип узду ийменбей.

«Алыныз» - деди жай гана,

Конулуно кир корбой.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1424, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу