Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Скульптура

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Скульптура

Шаарлардын аянттарынан өмүрү өрнөк адамдардын образын түбөлүккө сактоо үчүн колодон куюп, мрамордон же граниттен чегип жасап орноткон шаңдуу эстеликтерди көп эле көрүүгө болот. Аянттардагы жана көчөлөрдөгү эстеликтер монументтик скульптурага кирет. Көп учурда эстеликтер алыстан көрүнүп турсун үчүн зор өлчөмдө жасалат. Буга Бишкек шаарындагы Манастын эстелиги, Жалал абаддагы Курманбектин эстелиги ж. б. мисал болот. Монументтик скульптурага мемориалдык курулуштар кээде мемориалдык эстеликтерди скульптура-архитектуралык ансамбль деп да коюшат. Буга Волгограддагы скульптор Е. В. Вучетичтин долбоору боюнча тургузулган эбегейсиз зор эстелик мисал болот. Көп фигуралуу жана рельефтүү бул курулуш кылыч кармаган аялдын статуясы менен бирге кан күйгөн салгылаш болгон Мамай дөбөсүнө орнотулган. Бул аялдын образы аркылуу сүрөтчү Мекен-эненин кайратын, улуулугун жана фашизмди жеңип чыгуунун кубанычын чагылдырган.

Эстеликтерде жана мемориалдык ансамблдерде, эреже катары граждандык, патриоттук ойлор жана сезимдер чагылдырылган. Монументтик скульптурага парктарды, гүлзарларды, имараттарды кооздогон чыгармалар да кирет. Бул монументтүү-декоративдик скульптура. Ага, мисалы, парктардан көрүп жүргөн фигуралуу фонтандар, спортчулардын же баатырлардын статуялары кирет. Имараттын ичине ылайыкталган станок скульптурасы такыр башкача. Аны менен бардык эле сүрөт музейинен таанышсаңар болот. Аны жакын аралыктан көрүү керек, ошондуктан монументтик скульптурага караганда ал чебердик жана кылдаттык менен жасалат. Булар көбүн эсе адамдын татаал ички дүйнөсүн, анын ойлорун жана сезимдерин чагылдыруучу портреттер, ошондой эле түрдүү статуялар.

Скульптуранын дагы бир тармагы - кичине формадагы чыгармалар, бул өнөр менен силер, балким, таанышсыңар. Мүмкүн силердин үйүңөрдө, мисалы, кандайдыр бир айбанаттын келбети түшүрүлгөн чакан статуэткалар бардыр? Кээде алар абдан кызыктуу. Монументтик же станоктук скульптурада сүрөтчүлөр, ар бири өз алдынча ыкма, өзгөчө каражаттар менен бизге байкалбагандарды чагылдырып, жашоону даңктайт жана айланабыздагы бардык жакшы нерселерди сүйүүгө чакырат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2832, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу