Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Смирнов Владимир Иванович

Смирнов, Владимир Иванович (1910-ж. т., Москва ш.) – геолог, СССР ИАнын академиги (1962), корреспондент мүчөсү (1958), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1980). Кыргыз ССРнин илимге эмгек сиңирген ишмери (1970). Москва геол. чалгындоо ин-тун бүтүп (1934), ошол эле институтта иштөө менен Тажик-Памир экспедициясынын кызматкери болгон (1934–37). Кыргызстандагы Айдаркен сымап комбинатында башкы геолог (1941–49-ж.). Кен байлыктардын запасы б-ча бүткүл союздук комиссиянын төрагасы (1946–49), СССР геология министринин орун басары (1946–51). Москва түстүү металл ж-а алтын ин-тунун профессору (1949–52), 1951-жылдан МГУда (1952-жылдан кен байлыктар кафедрасынын башчысы) иштеген. Негизги илимий эмгектери руда кендеринин геологиясын изилдөөгө байланышкан. С. жердин терең катмарындагы кен байлыктардын пайда болуу ж-а өлчөмүн баалоо теориясынын негизин иштеп чыккан, руда кендеринин СССРдин аймагында пайда болуу ж-а жайгашуу аймактык закон ченемин аныктаган, сымап менен сурьманыи коргошун менен цинктин, урандын металлогениясынын проблемаларын иштеп чыккан, Дүйнөлүк океан түбүнүн металлогениялык өзгөчөлүгүн мүнөздөгөн, кендердин жалпы генезистик классификациясын сунуш кылган. Кыргызстандын илимий улуттук кадрларын ж-а жогорку квалификациялуу адистерин даярдоодо зор салым кошкон. Лениндик сыйлыгынын лауреаты (1972). Эки Ленин, Октябрь Революниясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери ж-а медалдар менен сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)