Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Смит Уилл

Уиллард Кристофер Уилл Смит-кенже - Америкалык актер, хип-хоп аткаруучу. Оскар сыйлыгынын эки жолку номинанты, Алтын глобус сыйлыгынын төрт жолку ээси жана Грэмми сыйлыгынын ээси.

Уиллард Кристофер Уилл Смит-кенже 1968 жылы 25 сентябрда Филадельфия шаарында, Пенсильвания, АКШ туулган. Уиллдин энеси Кэролайн мугалим, ал эми атасы Уиллард Кристофер Смит инженер болгон. Уилл он үч жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетишкен. Уилл өзү биринчи аялы Шери Зампино менен 1995 жылы үч жыл бирге жашап, ажырашкан. Анын уулу Уиллард Кристофер Смит III (Трей) апасы менен калган. Эки жыл өткөн соң, 1997 жылдын 31 декабрь күнү Джаде Пинкетт менен үйлөнөт. Джадеден Уилл эки балалуу болот. Уулу Джейден Смит (1998 жыл, 8 Июль) жана кызы Уиллоу Смит (2000 жыл, 31 Октябрь). Кызы Уиллоу менен Уилл Смит "Мен уламыш" ("I am Legend") жана уулу Джейден менен "Бакытты издеп" ("Pursuit of Happiness") фильмдеринде тартылган.

Филадельфияда Уилл Смит музыкант Джефф Таунс менен таанышкан жана аны менен бирге элге рэп тобун түзүүгө жетишкен. Ал тобунун аты DJ Jazzy Jeff & the Fresh Prince жана бул тобу менен алар Грэмми сыйлыгын жеңип алышкан. 1990 жылдан тартып «The Fresh Prince of Bel-Air» телесериалында башкы ролду ойногон. Анын каарманы болуп Ханзаада болгондуктан, Уилл бул псевдонимди кеңири колдонгон. 1990-1996 жылдар ичинде фильм абдан популярдуу болгон. 1990чу жылдардын жарымында Уиллдин аты өчүп бара жаткан эле, бирок ал Мартин Лоурэнс менен бирге «Начар балдар» («Bad Boys») фильминде шерик полиция кызматкерлерин ойношкон. Көптөгөн сынчылар алардын оюнун жактырышкан. Андан кийинки тартылган фильмдери блокбастер болду. «Эгемен Күнү» («Independence Day») 1996, жана "Кара кийинген адамдар" ("Men in Black") (1997) жана ал аткарган фильмдеги ырлары Британиянын музыкалык чарттарында жеңүүгө жетишти. Уилл Смит "Матрица" фильминде башкы ролдон баш тарткан, анткени "Жапайы Батыш" ("Wild, wild West") фильминде ойномок. Фильм көрүүчүлөрдүн арзуусуна баткан жок, бирок Смиттин фильминдеги ырлары Америкада популярдуу болду. 2000 жылдан баштап Уилл ыраттуу фильмдерде ойной баштады. Мохаммед Алинин ролун жаратып, Оскарга номинанит болгон. 2002-2003 жылдары Уилл "Кара кийинген адамдар 2", «Начар балдар 2» фильмдеринде роль жараткан. Кийинки жылы Уилл «Мен-Робот» фильминде полиция кызматкеринин ролун жараткан. 2005 жылы ал «Таанышуу эрежелери. Хитч методу» фильминде ойногон. Жыйырма биринчи кылымда Уилл Смит эң баалуу актерлордун бири болуп саналат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)