Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сөздүк жана маалымат наама

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Сөздүк жана маалымат наама

Адам баласы өткөн-кеткен жана азыркы болуп жаткан окуялардын баарын: дата, факты, цифра, аталыш жана ысымдарды бүт эсине сактап жүрө албайт. Ошондуктан белгилүү бир суроого жооп берүү же кандайдыр бир маалымат керек болгон учурда сөздүктөр жана маалымат наамалар жардамга келет. Бул китептерди ары жупуну, ары март деп айтууга да болот, анткени анда артыкбаш эч нерсе жок, бирок керектүү нерселер көп. Алардын бирөөндө дарыя, деңиз, тоолордун аталышы айтылса, экинчисинде оорунун түрлөрүн жана аларды дарылоонун жолдору баяндалат. Үчүнчүсү өсүмдүк же техника жөнүндө кабар берет. Ошондой эле бейтааныш сөздөрдүн маанисин жана алардын кайсы тилден киргендигин түшүндүргөн сөздүктөр да бар. Сөздөр сөздүктө алфавит тартибинде берилсе, маалыматнаамада айрым темалар боюнча берилет. Орустун эң мыкты окумуштуусу, врач жана жазуучу В. М. Даль орус тилинин 200000 сөзүн жыйнап, алардын ар биринин маанисин түшүндүрүп берген. Сөздүн маанисин түшүндүрүп, чечмелеп берүүчү мындай сөздүк түшүндүрмө сөздүк деп аталат. Далдын сөздүгүн кызыктуу китеп катары окууга болот. Бул бир тилдүү сөздүк. Ал эми бир китепке ар кандай тилдеги сөздөр катары менен алынган эки жана андан көп тилдүү сөздүктөр да бар. Бул сөздүктөр чет тилин үйрөнүүчүлөргө же чет тилдеги китептерди окуй тургандарга өтө зарыл.

Сөздүктөрдүн эң акылманы - энциклопедиялык сөздүк. Мында биздин турмушубуздагы ар түрдүү маанилүү окуяларга, жаратылышка, тарыхка, техникага жана илимге байланыштуу терминдер жыйналган. Ошондой эле ар бир сөзгө кыскача маалымат берилет. Ал эми көп томдуу энциклопедия бул сөздүктөрдөн да акылдуулук кылат, анткени андан дээрлик бардык нерселер жөнүндө толук маалымат алууга болот. Кыргыздын көп томдуу улуттук универсал энциклопедиясынын 6 тому 1976-1980-жылдары жарыкка чыккан, учурда жаңы басылышы даярдалууда. Сөздүктөрдөгү жана маалымат-наамалардагы билим казынасы көптөгөн муундар тарабынан жыйналган. Бул китептер бизге билим берет, убактыбызды жана күчүбүздү үнөмдөп, тигил же бул иште ката кетирбөөгө жардам берет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 600, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо