Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сүйүмбаев Мамбет

Баш барак | Биографиялар | Сүйүмбаев Мамбет

(1875, азыркы Ысык-Көл району, Орто-Өрүктү айылы -1933, азыркы Ананьев айылы, Ысык-Көл району) - Ысык-Көл өрөөнүндө Кеңеш бийлигин орнотууга жана чыңдоого активдүү катышуучу. 1926-жылдан КПСС мүчөсү. Батрактын үй-бүлөсүнөн. Төрт жашында атасын манаптар өлтүрүп жетим калган. Орус кулактарына жалданып иштеген. Караколдук сүткор-көпөстүн элди алдап, зулумдук кылганына каршы чыккан. Акыры, зордукзомбулугу ашынган аны өлтүрүп, полицияга өзү келген. Адегенде өлүм жазасына тартылып, бирок келгин орустардын аркасында ал жаза 10 жыл катуу режимдеги каторгалык иш менен алмапггырылып, Сибирге айдалган (1907).

Ал жердеги түрмөдө жашыруун уюмга кирип, рев-ялык ииггерге аралашкан. 1дүйнөлүк согуштун банггалышында аскерге алынып, согушка жөнөтүлгөн. 1916-жылы немецгерге туткунга түшүп калат, ошол эле жылы ноябрда андан качып чыгып, бирок падышалык аскерге кызмат кылууну каалабай Румыния аркылуу Одессага келген. Ал жерде «шектүү» адам катары камакка алынган. С. Октябрь рев-ясы учурунда азаттыкка чыгып, дароо Кызыл Гвардия отрядына кошулуп, түштүк Украинада Кеңеш бийлигин орнотууга активдүү катыша баштайт. Көп узабай Түркстанга (адегенде Ташкенге) кайтып келет да, ал жерде Кеңеш бийлигин орнотууга активдүү катышат. 1917-жылдын аягында Кеңеш өкмөтүнүн атайын тапшырмасы менен Ысык-Көлгө келип, Каракол уезддик аскер комиссариатына жооптуу ишке алынган.

1918-жылы Каракол ревкомунун мүчөсү; Үркүндө Кытайга качкан кыргыздарды көчүрүп келүү боюнча уезддик комиссиянын жетекчилеринин бири болгон. Качкындарга тамак-аш уюштурууга жана аларды жайгапггырууга көп күч жумшаган. 1918-жылы ноябрда З-ЖетиСуу полку түзүлүп, анын чалгындоочу атчандар тобуна командир болуп дайындалган. Түп козголоңу учурунда Каракол шаарынын коргоодо, Нарын козголоңунда Аненковдун айрым отряддарын талкалоодо өзгөчө каармандык көрсөтүп, анын атагы чыккан.

1920-жылы Ысык-Көл өрөөнүндөгү кызыл аскерлердин ичинен биринчилерден болуп өз аты жазылган кылыч жана маузер менен сыйланган. 1922-жылдан парт., советтик кызматтарда. Күрмөнтү болуштук аткомунун төрагасы, Каракол токой чарбасында жетекчи кызматта, 1929-жылдан Каракол райондук аткомунун, 1929-жылдан Ысык-Көл райондук аткомунун төрагасы болуп иштеген.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 438, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу