Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сүйүнбай Эралиев

Баш барак | Адабият | Сүйүнбай Эралиев
Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик жана Бүткул союздук А. Фадеев атындагы сыйлыктардын лауреаты Сүйүнбай Эралиев 1921-жылы Талас районундагы Үч-Эмчек айлында туулган. Анын өмүр жолу, бүткүл жашоосу чыгармачылык иши, кыргыз адабияты менен байланыштуу. Сүйүнбай Эралиевдин лирикалары менен поэмалары улуттук көркөм ойдун өнүгүшү жана жаңыланышы үчүн дайыма салым болуп келген. Анын көптөгөн чыгармалары бар. Алар: "Ак Мөөр", "Жаңыл Мырза", "Уяң жылдыздар", "Жылдыздарга саякат" ж. б. Эң алгачкы китеби 1949-жылы жарык көргөн. 1969-жылы "Кыштак кечтери" жыйнагы үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон. Жазуучулар Союзунун ардактуу өкүлү катары акын көптөгөн жолугушууларда, кездешүүлөрдө болууга туура келет. Мына ошондо окурмандар: "Өмүрүңүздө эсте калаарлык кайсы учурду жакшы деп эсептейсиз?" деп ар дайым сурап каларын эскерүү менен, өз кезегинде төмөнкүдөй жооп берерин да акын эсибизге салат. "Өмүрүмдүн кызык жана унутулгус учуру мектеп жана окуучулук курак. Өзүм окуган Көк-Арык мектеби көзүмө тууган энемдей ысык көрүнөт. Айылга барсам ага кайрылбай кетпейм. Сентябрда, жаңы окуу жылындагы сырдалган парта, доскалардын өзүнчө жагымдуу жыты бирге окуган, бирок азыр аз калып бараткан курбу-курдаштар эстен кетпейт...". С. Эралиев Казакстандын адабият жана искусство тармагындагы Эл аралык Жамбыл атындагы сыйлыктын ээси. 2000-жылы Кыргыз жана боордош Казак элдеринин ортосундагы достукту чыңдоодогу зор салымы үчүн Казакстан Республикасынын "Алтын көпир" аттуу Эл аралык сыйлыгы берилген. "Элдердин достугу" ордени, Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени, III жана I даражадагы Манас ордендери, көптөгөн медалдар жана Ардак грамоталар менен сыйланган. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Баатыры деген ардактуу наам берилген.

Ак Мөөр поэмасынан кыска маалымат
Атактуу Соң-Көлдө Мөөр деген сулуу кыз жашаптыр. Мөөр Болот деген жээни экөө бири-бирин сүйүп баш кошобуз деп макулдашышат. Бирок хан Жантай Ак Мөөрдүн сулуулугуна кызыгып, бийлигин пайдаланып, Ак Мөөрдү аялдыкка алмак болот. Болот да ырчы жигит болот, ал жылкы багып алысыраак жерде экен. Ак Мөөр жоолугун берип бир баладан Болотту чакыртат. Болот менен Мөөрдүн жолукканын акын төмөнкүдөй сүрөттөп жазган:

Ак Мөөр поэмасынан үзүндү.
Кош, Соң-Көл
"Айтсаң боло, уксаң боло жараткан Алп күчтөрү аалам эркин караткан,
Таңцы, кечти тартип менен өткөрүп, Бирөөгө бак, бирөөгө муң тараткан.
Акыл берер аргаң барбы кызыңа,
Жай ичинде мөндүр каккан дарактан.
Гүл ачалбай урап түшкөн мөмөдөй,
Улам солуп, куурап кетип бараткан?!
Кайда күлпөт, кайда өмүрдүн жаш чагы,
Кайда күндөр, эркелетчү баштагы?
Айтчы Соң-Көл, айланайын тунук көл,
Же мен байкуш өз бооруңдан башкабы?
Чынар эмес, чырпыгыңдын бүрү элем,
Тагдыр минтип жарга согуп таштады?..
Мөөр олтурат суу жээгинде үңүлүп,
Өзүн көрүп... тамган ысык жаштагы.
Эмне болгон, аза күтүп мынчалык?
Жүрчү эле го жүзүн жарык нур чалып?
Санаа чарчап, баш кеңгиреп ой менен,
Бүт түн бою чырм этпеди тынч алып.
Эртеси эрте киши келди Жантайдан:
"Мынча жаттык урмат-сыйга курчалып,
Кайталы эми... бүгүн жолго камынсын?"...
Кантмек сулуу? Жутар уу жок бир чалып...
"Туш тарабым тайгак кыя, тар кезең,
Багы кемге турмуш минтип жарды экен.
Дайны чыкпай түптүз түндөй тунжурап,
Көздөн учат жан кыйышпас жар десем.
Бирок калдың кагылайын тууган жер,
Кайра сени көрөр күнүм бар бекен?
Жок антпейм го... Аттиң мынча кең дүйнө.
Акыр келип алакандан тар бекен?"
Үйүн карайт: "Чындап таштап кетеби?
Кел! дегенсип желп-желп этет этеги.
Эртең жатар бейитиңдей бозорот,
Бер жактагы үйүп кеткен тезеги.
Кош уясы, кыйбас алтын бешиги,
Кайгы шаты, эркелиги кечээги,
Ошондо өткөн... Жаштык ойноо курагы,
Сүйүү курап... аны ураткан кезеги.
Айыл жакта Жантай белен кайтууга,
"Ак Мөөр кайда? Түшкөн дейби кай сууга?
Апкел бери... эрке кызды атка сал!..
Адил келсин кеби бардыр айтууга?!
"Калың десе биз деле?.. дейт Келдибек.
"Кур калбаңыз, айтып жатат бай туура?"
Кыз атасы кырчоосуна тырмышып,
Онтоп жатып үй жанынан жай тура.
Басып келди:
"Көрдүң Жантай алымды Бак жылдызым бүгүн көктөн алынды.
Эми мага тирүү калып не опо?
Өлтүрүп кет бергениң шол калынды?"
Байкуш карып, боздоп ыйлап өңшөңдөп,
Башына ороп чылбырына чалынды.
Жантай чоочуп "йе Келдибек, Келдибек, Жогот" деди, бул өлөрман чалыңды?"
Ал аңгыча Маржан келип жармашты,
"Кордо кана, биз шордууну, жармачты?!"
Чачын алып тизгинине байлады:
"Сүйрөт ылдам!" Жанды өлүмгө арнашты.
Ага болбой Келдибектер, Баяндар,
"Кеткиле" деп сакал, чачтан кармашты.
Күңгүрөнүп айлана журт кошо ыйлап,
Жүрөгү үшүп балдар карап жардашты.
Үнгө умтулду, өйдө турам деп эчен,
"Байкуш апам, кантип калган кебетең?
Эмне таптың, мени өмүргө апкелип?
Кыз курусун... кыз деген бир кеп экен.
Мен ыраазы, ак сүтүң кеч апаке,
Балаң үчүн мээриң чалкар кең экен.
Кош бол эми...
Көрөбүзбү, жокпу же,
Олдо менин мундуу байкуш энекем?!"
Сүйүү ушул, кээде отуна кактамак,
Кээде таштай салкындыгын сактамак,
Нелер болбойт катмарында турмуштун...
Мезгил эмес, бирок аны тактамак.
Кызды кара: үмүтүнө кеч кирип,
Өпкө кагып, бүлк-бүлк этип ак тамак,
Жиби үзүлүп чууруп жаткан берметтей.
Ат жалына жылп деп жылуу жаш тамат...
Адам эмес, аз бүлбүлдөп ат эле,
Көч карааны өчүп барат бат эле.
Анын мында бардык берип кеткени:
Көздүн чели, көкүрөктүн дарты эле.
Ботосу өлгөн боз ингендей зыркырап,
Кан шимирип кала берди ата-эне.
Анан кантет, айыбы жок Ак Мөөр кыз,
Ай, Күнү эле, алпечтеген заты эле...
Коюңду жайдын колотко,
Кош көрбөдү кудайым,
Сендей кудалап бычкан ээ Болотко.
Кош көрбөдү кудайым,
Сендей жыт алышкан Болотко.
Соң-Көлдүн башы тал менен,
Солкулдап ыйлап баратам.
Зордукчул Жантай чал менен.
Кербендер өтөт мал менен,
Кейип ыйлап баратам,
Кеминдик Жантай чал менен.
Менин кебезден бүчүм үзүлдү,
Келбейт деп койдуң түшүмдү.
Жетимиште Жантай чал,
Жеткирип тоюн түшүрдү.
Боору таштай Жантай чал,
Боздотту сендей кишимди.
Бой тумарым үзүлдү,
Болбойт деп койдуң түшүмдү.
Сенин аргымагың торуган,
Аттандым Соң-Көл боорунда,
Атамдай Жантай чал менен,
Жолборско изиң чалдырдың.
Жоругу жакшы Мөөрүндү,
Жорудай чалга алдырдың.
Атамдай болгон картаң чал,
Мени алганына уялам.
Азамат болсоң тим жатпай,
Атчан жатып кубала.
Айтышкан сөздү унутпа,
Антыбыз бар го убада.
Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 2888, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу