Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Сүйүү

Сүйүү – сезимдин жана эрктин башка инсанга багытталышы, сүйүктүү предметке «өзүн берүү» жана ошол эле учурда аны «өзүнүкү» кылуу, эмоциялык чекте аны менен «биригип кетүү» муктаждыгы менен коштолуучу адамзаттык жалпылык же идея.

Сүйүүгө берилгендиктин этикалык талаптарында түзүлүүчү туруктуулукка умтулууну өзүнө камтышы керек. Сүйүү эң эле эркин жана ошончолук «алдын ала болжолдонбогон» жеке адамдын ички жан дүйнөсүн туюнтуу катары келип чыгат, аны мажбурлап чакырууга да, жеңип чыгууга да болбойт. Сүйүү кубулушунун маанилүүлүгү жана татаалдыгы анын фокусунда биологиялык жана рухий, жекелик жана социалдык, интимдик жана жалпы маанидеги карама-каршылыктардын кесилишкендиги менен аныкталат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)