Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сүлөөсүн

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Сүлөөсүн

Сүлөөсүн - үй мышыгы менен тукумдаш жаныбар. Бирок ага көп деле окшобойт. Сүлөөсүн андан бир кыйла чоң - денесинин узундугу бир жарым метрдей келет. Мышыктын денеси созулуңку келип, буттары кыска. Сүлөөсүндүкү тескерисинче - денеси кыска, буттары түз, узуң. Кулагынын учунда кара кылдан чачысы, жаагында узун, калың жүнү бар. Мышыктардын куйругу узун, ал эми сүлөөсүндүкү кесип койгондой кыска. Мышыктын манжалары айрым-айрым болсо, сүлөөсүндүкүн жаргакчалар бириктирип, таманы жазы.

Мышык жеңил кыймылдап, дабышсыз уурданып жүрөт, сүлөөсүндүн кыймылы оор, ит сыяктуу арымдап басат. Мышык тез чуркай албайт, иттен качкан убакта гана жакыныраактагы дарак же дубалга чейин тез чуркап, ага чыга качат. Сүлөөсүн борпоң кар менен да тез чуркай алат, себеби жазы таманы карга батып кетүүдөн сактайт. Ошондой болсо да сүлөөсүн - мышык. Ал дарактарга оңой чыгып, түнкүсүн жакшы көрөт. Үй мышыгы сыяктуу өтө сак, бирок жыт алуусу начарыраак.

Ал акырын өңүп барып, олжосун буктурмада да бир нече саат бою аңдып отура берет. Сүлөөсүндүн азыгы - каракур, кереңкур, бугунун чаарчыгы. Сүлөөсүн булардан башка коён, чычкан ^кана башка кемирүүчүлөрдү да кар-мап жейт. Ал үй айбандарына кол салбайт. Сүлөөсүндүн балд ары мышыктын мыймыйына өтө окшош. Бирок эки-үч жумадан кийин энесинин сүтүн ээмп жүрүп эле майда канат - тууларга аңчылык кыла баштайт. Сүлөөсүн ийнин бак-дарактын аркай-ган тамырынын, бадалдын түбүнө, жыгачтын оюктарына салат.

Балда-ры эки айлык болгондо олдоксон жасалган уясын таштап, балдары менен кыдырып жортуп кетет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2548, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо