Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сүттү кайра иштетүү жана аны сатуу

Баш барак | Ветеринария | Сүттү кайра иштетүү жана аны сатуу

Сүт - бул саан мезгилинде секретордук бездер (железалар) менен иштелип чыккан жаны туулгандардын тамагы, секретордук суюктук. Бизге белгилүү болгондой сүт 87% суудан, 4,7 % сүт кантынан, 3,9 % майдан, 3,2 % белоктон, 0,7 % минералдык заттардан; витаминдерден, ферменттерден турат.

Сүттүн энергетикалык баалуулугу 100гр сүттө 69 кило калориялар же 289 кДж түзөт. Сүттү биринчи иштетүүнүн муктаждыгы эмнеде? Жогорку сапаттагы сүт алыш учун. Жогорку сапаттагы сут деп жогорку азыктуулугу, биологилык, технологиялык, санитардык–гигиеналык республикада кабыл алынган техникалык шарттарга жооп берген сүт аталат.

Сүттү биринчи иштетүү төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- Механикалык аралашмалардан тазалоо (чыпкалоо), сүттү идишке куюп жатканда сүт өтө турган материал же атайын чыпкалоочу шаймандар менен жүргүзүлөт.
- Муздатуу процесси атайын орнотулган муздаткычтардын жардамы менен жүргүзүлөт, үй шартында болсо муздак сууга куюлган идиши менен салынып муздатылат.
- Сактоо процесси шартка жараша болот же болбосо муздатуучу агрегат жок болсо анда сүттү арыктагы шар аккан муздак сууга жайгаштыруу керек.
- Ташып жеткирүү. Ташып жеткирүү атайын жабдылган техникалардын жардамы менен жүргүзүлөт.

Сүт саалып алынгандан кийин анын табигый касиеттерин сактоо жана сүттү сактоодо анын туруктуулугун жогорулатуу максатында биринчи иштетүүгө коюлат. Сүттү биринчи иштетүү уйду сааш үчүн зарыл болгон шаймандарды даярдоодон жүргүзүлөт. Сүттү саап алган соң уйдун продуктуулугуна жараша, саанды туура уюштуруу максатында таразага тартат.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 1059, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу