Спартак

Байыркы Римде эриккен байлар менен бекерпоздор цирк аянтчасында кулдарды бири-бири менен жекеме-жеке сайышууга мажбурлашып, аны кызыга карап отурууну өнөр көрүшкөн. Мындай кармашууларда кулдар адатта кылыч менен чабыша турган. Ал эми кылыч римдиктердин тилинде гладиус деп аталат. Мына ошондон улам бул кулдар гладиаторлор деп аталып калган. Спартак да ошондой гладиатор болгон. Ал Фракияда (азыркы Болгария жеринде) туулган. Өз мекенинин эркиндиги үчүн римдиктер менен болгон согушта туткунга түшөт.

Аны гладиаторлордун мектебине сатып жиберишет. Акылдуу, күчтүү жана кайраттуу Спартак римдиктердин көңүлүн ачуу үчүн цирк аянтчасында курман болгусу келген эмес. Италиядагы туткун кулдардын баарына эркиндикке чыгууга жардам берүүнүн зарылдыгын жолдошторуна түшүндүрөт. Акыры Спартак жетимиш кул гладиаторлорду көтөрүлүшкө баштап чыгат. Алар кароолчуларды жок кылып, дарбазаны талкалап, сыртка чыгышат да, токойлуу Везувий тоосуна барып бекинишет. Адегенде айлана-тегеректеги, андан соң бүткүл Италия боюнча кулдардын туткундан качып чыккандары Спартактын тобуна келип кошула берет. Көтөрүлүштүн өртү Рим республикасын бүтүндөй каптайт. Спартак көтөрүлүшкө чыккан кулдардын жетекчиси болот.

Ал абдан эр жүрөк жана айлакер кол башчы болуп чыгат. Көтөрүлүшчүлөр Рим региондорунда бир нече жолу кыйраткыч сокку урат. Спартакчылар үч жыл бою кул ээлөөчүлөрдүн жүрөгүнүн үшүн алышат, акыры римдиктер бай кул ээлөөчү Красе баштаган өтө зор армияны Спартакка каршы жортуулга аттандырышат. Көтөрүлүшчүлөрдүн аракетинин бирдиктүү планы болгон эмес. Алардын арасында ар түрдүү өлкөлөрдүн адамдары - сириялыктар, гректер жана германдыктар болгон. Алар ар кайсы тилдерде сүйлөшкөн.

Ошондуктан дайыма бири-бирин түшүнүшүп, макулдашып аракет кылуу жагы жетишкен эмес. Бул спартакчылардын күчүн начарлатып, римдиктерге ыңгайлуу шарт түзгөн. Биздин заманга чейинки 71-жылдын жаз айында Красстын түмөн колу менен болгон негизги салгылашууда көтөрүлүшчүлөрдүн 70 миңдей колу талкаланат. Ушул акыркы салгылашууда Спартак да курман болот. Жамбашынан жарадар болгон баатыр тизелеген калыбында кармашуусун уланта берет. Душмандар аны кескилеп өлтүрүшөт. Спартактын баатырларча курман болгондугун римдиктер да аргасыз моюндарына алышкан.

Эркиндик үчүн өз өмүрүн кыйган Спартактын ысымы кылымдар бою жашап келет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)