Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Суйуу жонундо ырлар

Баш барак | Адабият | Суйуу жонундо ырлар

"Суйуу жонундо ырлар" жыйнагы ушул жерде, курбу-курдаш, дос-тааныш аттуулардан чогултуп, курама кылып жазып койдук, бул ыр саптары интернеттин башка сайттарында таптакыр жок ырлар. Суйуу создору, суйуу лирикасы, суйуу создору жигитке, кызга баары ушунун ичинде.

Аппак сүйүүм

Сүйүү деген кимди гана тоорубас,
Тузагына ким чалынбас, оорубас.
Узун түндө кирпик какпай чыгамын,
Алоолонгон аппак сүйүүм, соолубас.

Кайда барсам, кайда жүрсөм сен деймин,
Көрбөй калсам бир көрсөм деп дегдеймин.
Таалайыма энчиленген гүлүмдөй,
Кыялымда сени жанга бербеймин.

Махабатка ким алданбайт, болбойт мас,
Сүйүү деген кимди гана тоорубас.
Мен чаалыксам кубат берип турасың,
Алоолонгон аппак сүйүүм соолубас.
(Ж. Абдыкалыков)

Ташмат Арыковдун төрт сап ырларынан

Сүйүү деген роза эмес жайнаган,
Сүйүү деген булбул эмес сайрагап.
Сүйүү деген туздуу суунун дал өзү,
Ичкен сайын ичкиң келет кайрадан.

Байлык менен сатып албайт сүйүүну,
Зордук менен тартып албайт сүйүүнү.
Кош жүрөктүн дал өзүнөн чечилет,
Махабаттын кереметтүү түйүнү.

Сүйүүнүн бар кубанычы, кейиши,
Сүйүүнүн бар уусу менен мейизи.
Сүйүү деген адамдардын тозогу,
Сүйүү деген адамдардын бейиши.

«Сулуулар сулуу эмес, сүйгөн сулуу»,
Ушул сөз кандай терең, кандай улуу.
Кызыгып кээ бирөөлөр чырайына,
Жүрүшөт өмүр бою жутуп ууну.

Жигиттин эки көзү калды солуп,
Жүрөгү кайгы-муңга кетти толуп.
Сүйгөну: «Кайгырганың болбойт» - деди
«Мен барда сениң көзүң солбойт»,- деди.

Жаркыраган көңулүмө ыш толуп,
Кайдагы бир сары санаага туш болуп,
Сен жок болсоң, бир орундан жыла албай,
Калат окшойм канаты жок куш болуп.

Кээ кыздарга ачуу-таттуу бирдейби,
Же турмушту терең талдап билбейби:
Волгалууга барам дешет, а көрөк,
Махабаттын волгасына минбейби.

Сүйүптүрмүн мен сени дилим менен
Сүйүптүрсүң сен мени тилиң менен.
Уу жуттум сезип алып,
Бул бир тозок
Өзүмөн башка жанга билинбеген.

Сен жокто кымбат болуп ал баарынан,
Мен сенин элесиңе жалбарынам.
Адамдар шаттуу өмүр сүрөт тура,
Дүйнөдө сүйүү деген бал барынан.

Сөздөрдөн кулагыңа сырга салып,
Мен сени ырдасам дейм ырга салып.
Мына ушул аракеттин бардыгы эле,
Деген ой: «Турмуш жолун бир басалык»,

Махабат жаштык кезде башталабы?
Анда анын орундалсын жаш талабы.
Жаштыктын доорун сургүн жаш убакта,
Жаштыктан карылыкка таш калабы.

Ишенбегин мени «жаман» десе да,
Ишенбегин мени «жакшы» десе да.
Жолугушуп, өзүм менен сүйлөшүп,
Жыйынтыкты анан чыгар сен мага.

Махабаттын босогосун биз аттап,
Мен өзүңдү, сен өзүмдү ызаттап,
Күлүп-ойноп жүрөлүчү жарыкта,
Күлүк өмүр кете электе узап бат.

Чагылышып көзүм сенин көзүңө,
Ээ боло албай калдым өзүм өзүмө.
Көпчүлүктө көз аркылуу сүйлөшүп,
Олтурамын денем балкып көшүлө.

Кыз элең ал убакта сен эселек,
Бала элем ал убакта мен зселек.
Түтүндү бир булатып жашайбыз деп
Биз анда эч ойлогон эмес элек.

Адам деген махабатка канабы?
Махабаттан көңүлдөрү калабы?
Бул суроого суроо менен жооп берем:
Айткылачы, күн канаты талабы?

Атайын болуп булгамак,
Келсе да жаап бурганак,
Сүйүүдө бакыт, сүйүүдө,
Кир жукпай дайым турган ак.

Сездиң бекен

Капылеттен ниетим сага байланды,
Бара-бара ак сүйүүгө айланды.
мурда жүрсөм эч нерседен бейкапар,
Эми такыр таппай жүрөм айламды.

Көз карашын бир өзүмө дем берет,
Жылмайышың аба сындуу эң керек.
Эмнегедир жолукканда мен сага,
Билбей калам айтарымды эмне деп.

Батыналбай кысталганым үчүнбү?
Кээде үнсүз кармалаймын бүчүңдү.
(Ташмат Арыков)

Белгисиз авторлор

Күндө өтөм сен жактан
Карааныңды көрсөм деп
Ойлоп коём мен арам
Карегиңди сагындым
Сөздөрүңдү сагындым
Бирок баары айтпастан
Кетти алыс, кайтпастан

Сүйөм сени, жаным менин
Кечир мени, назигим
Түшүнбөпмүн ал кезде
Барктабапмын ал кезде
Неге кудай бербеди
Неге турмуш бербеди
Көкүрөктү күйдүрүп
Ак сүйүүндү бербеди

Издейм сени адамдардын арасынан
Жалдыраймын мункайып
Бирок жоксун сен анда
Жалгыз сени сүйдүм мен
Билбейсиң го сен аны

Жаныңда сенин мен күйөм
Жаныңда сенин мен жашайм
Жаныңда сенин мен гүлдөйм
Сенсиз болсом мен куурайм

Отурамын жалгыз мен
Отурамын сенсиз мен
Саргайган сары жалбырак
Издериңди жабышат
Кайдасың жаным, кайдасың

Адамдардын көптүгүнөн
Баратамын кысылып
Баратамын сенсиз мен
Кечирип кой мени деп
Көпчүлүктөн сени издеп

Асман менен коштоштум
Кыялдар менен коштоштум
Күнүм менен коштоштум
Сени менен коштоштум
Кереги жок эч нерсе
Кайтып келчи сен гана

Бир гана сени күтөмүн
Жарык берген күнүмсүң
Кереги жок жаздын мага гүлдөгөн
Сен гана менин жанымсың

Асман мага шыбырады
Кечирем сени, кечирем
Кыялдар мага кыйкырды
Эч жакка коё бербейм
Айткылачы адамдар
Эгер мени таштап кетсе
Сүйбөй койсо болобу

Күн батканда кечинде
Муздап кетет жай айы
Күн нурлары чачырап
Чыдаймын мен буга дагы
Кезигебиз дагы биз
Күндү гана күтүш керек
Сүйөм сени саат сайын
Сүйөм сени берилген мага убакытта

Секелек элең али сен
Тамтуң басып кыялдарың
Апаң эле каалооң сенин
Досторуңа жакын элең
Көгүчкөндү тойгузуп
Нан берчүсүң күндө сен
Өзүң билбейсиң эми сен
Жинди сууну сүйгөнүңдү
Жинди сууну сүйгөнүңдү
Билбедиң бирок, билбедиң
Сени жактырган адамды
Сени сүйгөн адамды
Билбедиң сен, билбедиң

Сенин кара көздөрүң
Сенин ширин жылмаюуун
Сен гана менин периштем
Сен гана менин кыялым
Сүйөмүн эми мен сени
Жүрөгүмдө бек сактап

Колуңду мен кармаймын
Карегиңе ашыгам
Өзүмдү түшүмдө көргөнсүйм
Бул түгөйлөр ырында
Сөздөрүн жакшы билбеймин
Обону тааныш учурайт
Балким ырды бул жандуу
Ырдап жүргөн түгөйлөр
Эч нерсени эстөөнүн кереги жок
Эч нерсени табуунун зарылдыгы жок
Эгер сен мени түшүнө алсаң
Анда биз берге болобуз
Башка эч кимге мен бербеймин
Түгөйлөрдүн ырын мен

Качан мен өлгөндө
Шамал болуп зымырайм
Качан сен өлгөндө
Күн болуп жаркырап
Баарыбир менден бийик болосуң
Күзүндө бардык жерде боломун
Сени менен учуп жүрөмүн
Сен түшүнбөйсүң
А мен билгизбей
Кайдасың күнүм деп шыбырайм
Бирок сен күн болбой кое тур

Айылында сенин баягы эле бозомук
Өтүп бараткан адамдардын жүзүндө
Мурдагыдай эле алдамчылык
Түнгө чейин уктабай
Бирөөнү эле күтөсүң
Түнкү убакта унчукпай
Карегиңде тамчылар
Кече жакшы түш көрдүң
Дүйнөдө сүйүү бар экени
Түшүндө ачык көрдүң сен

Көздөрүң жайнайт, кулпунат
Эриндериң жылтырайт
Чачтарын жазгы гүл болуп
Аңкыган жыттуу гүл болот
Дүйнө жүзү өлсө да
Адам ордуна адам эместер
Жер жүзүндө жүрсө да
Унутпаймын сени мен
Унутпаймын эч качан

Мен кайра эле бул жердемин
Өзүм билбейм эмнеге
Тартып турат кайсы күчтөр
Бул жакка мени кайра кайра
Бирок бул жерге жалгыз келемин
Баардыгын караңгылык жутуп кетти
Баардыгын каптап кетти ал мага
Күтөм сени, күтөм сени
Бекер кылып жатам балким
Күтөм сени, күтөм сени
Таң дагы атып калды
Күтөм сени, күтөм сени
Күн нурунан чачыраган асманга
Отко айланды сүзүп бараткан булуттар

Сага барчу жолдун баарын,
Аппак кар, басып калды.
Бирок айылга, кайра жаз келип,
Жылуулук баарын өзүнө алып кетти.
Назик көз карашыңды, менден катып,
Башка жакка кетесинң сен.
Билип жүр, мен сени күтөмүн,
Тезирээк кайра кайтып кел.
Асмандагы жылдыздар көктөн мени карашат,
Түшүнбөйт бирок, алар менин кайгымды,
Сени мен жоготуп алганымды, түшүнбөйт алар,
Коштошу сөзүн айтайын дегем, кетип калдың,
Билип жүр, мен сени күтөмүн,
Тезирээк кайра кайтып кел.

Эсиңдеби биздин кечибиз
Ак кар биздин ийинибизге жаап жатты
Декабрда биричи жааган
Жылуу кары эле
Анда мен билген эмесмин
Билген эмесмин, мерездигиңди

Мен сени сактап-коргоп жүрчү элем,
Кымбат баалуу асыл таштай, берметтей.
Бирок ал келип сени алып кетти,
Түбөлүккө алып кетти башка жакка.

Мен жөнүндө билүүнү кааласаң,
Мен жаныңда боломун.
Балким кеч болуп калдыбы,
Же эртеби кечигүүгө.
Же чуркасамбы сенин артыңан?
Ойлорумдун баары сен жөнүндө,
Сен жөнүндө көз жашымдын баарысы,
Ырларымдын баарысы сен үчүн,
Күндөрүмдүн акырына чейин сен үчүн.
Балким баарын унутуп,
Түбөлүккө кетип калам сенден мен
Мени унутууну кааласаң
Жалгыз мен жаман болом
Башты жоготуп ушинтип
Бирөөнү сүйүү мүмкүнбү?
Баарыбир сени менен болгум келет

Жылдыздар карайт, ай карайт
А сен жалгыз отурасың кайра эле
Терезени тиктеп коюп
Боорон чапкын жок жерге
Жаан жабаган жерлерге
Жүр кетели жаным менин
Экөөбүз эле болобуз
Сен жана мен гана

Ысык-көлдүн толкунуна термелип,
Кыялданчу элек, уччу элек булутта,
Көйгөйлөргө колубузду шилтеп коюп.
Күлгөнүң наристедей, баладай,
Тамашасыз айткым келет мунуңа,
Буга чейин мындайыңды билбептирмин, көрбөпмүн
Жашоомо жарык алып келдиң
Билбейм сенсиз эмне кылам.

Ооба сүйүү кандай таттуу, ошол эле убакта сүйүү ушунчалык күйгүзөт да күл кылат, "суйуу жонундо ырлар" кайрыктарын уланта берелик, жаккан дары болсо пикир жазып койгула. Билесиңерби бул ырлар канча адамдын ыры? 42 адамдан мээсин жеп суранып атып жазып алдык :)

Ойчулдар ырлары

Өтүп кетти жай мезгили, өтүп кетти
Экөөбүз эле жүрчү элек ал жакта
Өкүнбөймүн, кайгырбаймын өткөнгө
Жакшы күндөр, жылмаюууну чакырат
Сүйөм сени, сүйөм сени, унутпайм
Эстен чыкпайт сенин назик эриндериң
Сүйөм сени, сүйөм сени, унутпайм

Оо жаркыным, жанды жалын кыласың,
Ажарыңа аалам жүзүн бурасың.
Эл үлпөттө өзүлөрүн көрктөсө,
Сен үлпөттү өзүң көрктөп турасың.
Омор Хаям(1048-1131)

Арзуу күчөп сен деп жаным ооруду,
Азап эмес бакыт деймин мен муну.
Ойлоп сени бал татыса айрылуу,
Оо Жараткан, кандай болот жолугуу.
Рудаки (...-941)

Күйүтүңө мен ченебей күйүпмүн,
Күйөм шамдай жүрөгүңдө күйүттүн.
Ырайымың бар экен деп байкабай,
Ыйлаш үчүн, сыздаш үчүн сүйүпмүн.
Хакапи (1121-1199)

Жазыгым не кайда сүйүү шарапат?
Карабайсың мурдагыдай мага шат
-Десем сулуу: Бубак баскан чачыңа,
Тойдун эмес, ойдун кийими жарашат.
Саади (1203-1292)

Кайрылбады кайдан билдим антээрин,
Үмүткө бир күйүткө бир тушалып,
Кошуп сунсам жүрөгүмө дүйнөнү,
Колун шилтеп басып кетти кантейин.
Низами (1141-1211)

Күл болгуча күйсөм дагы өлбөстөн,
Сүйүүм менин түбөлүгүн көргөзгөн.
Жашайт сүйүүм кылсаң дагы түбүнөн,
Жаш чырпыктар өсүп чыгат дөңгөчтөн.
Баба Тахир (Х-Х1 кк.)

Башкалар

Көп ойлондум, биз экөөбүз кимбиз деп
Сүйүүнү издеп экөөбүз
Мүдүрүлүп чалындык көп жолу
Ошентсе да сени унуталбай кыйналам
Неге мынча сүйүү мерез,
Неге таш боор ушунча.

Күтөмүн деп сени мен
Айтчу элең көп жолу
Ушул сөзүң эстеби?
Балким күтүп атасыңбы?
Кантип кайра кайтамын
Тагдыр бизди тең бөлдү
Жүрөгүм соолуп баратат
Кайдасың сен, кайдасың?

Ойлор мени чакпай калды ыйлатып
Урбай калды тызылдата чапкылап
Башка жээкке мен сени
Баратам го узатып
Келгин кушумсун сен менин
Бара жатып бакыт издеген
Азизсиңби, сокурсуңбу көрбөгөн
Маңдайыңда турат го, издегениң, бакытың
Башка жээкке мен сени
Баратам го узатып

Жылуулугуң менен жылытчы
Жаман ойду алыс айдап
Сен экөөбүз толкун менен жээктей
Белек кылып берчи мага
Түшүмдө көргөн көз ирмемди
Билесиң да сени кандай сүйөөрүмдү
Угуп атасың го, сага ырдап жатканымды
Белек кылып берчи мага
Түшүмдө көргөн көз ирмемди

Көз жашымды терезеңе сенин төгүп
Жамгырың болгум келет сенин, сенин
Шам-чырагыңдын оту болуп күйгүм келет
Унчукпастан мени менен сүйлөшчү, мени менен

Жер үстүнөн учуп өтөт жылдарыбыз
Калтырып артта, кайгыларды, санааларды
Кучагыма сени бекем кысамын мен
Суранамын кетпечи сен, кетпечи

Муздак кар айылга жаап жатканы эсимде
Терезердеги жарыктар суук түшкөнүн билдирет
Жашоо шашпай, токтоп калгандай сезилет
Баары эсимде, баары жүрөктө сакталуу
Бирок убакыт кайтып келбейт
Кайрылып келбейт убакыт
Эч ким мага көздөрүңдү таап бербейт
Эч ким мага карааныңды таап бербейт
Канчалык сагынганымды сени мен,
Бир гана жаап жаткан кар билет.

Биздин жерде адамдар ушунча көп
Тааныштар, туугандар жана достор
Бирок бул дүйнөдө эң маанилүү бирөө бар
Акылдуу, сулуу, боорукер, эр жүрөк.

Менин кайраттуу жоокерим, менин канзаадам
Сен жанып турган от сыяктуу жандырасың
Сени менен кезигүү жашоомду өзгөрттү
Китептеги жомокко айланды.

Сен жөн гана менин жакшы көргөнүм эмесиң
Сен менин кол жеткис дүнүйөмсүң
Мен дем алган аба, менин шам чырагымсың
Сен менин күндө жечү азыгымсың

Сен жөн гана сүйгөнүм эмессиң
Сен менин сүйкүмдүү адамым, жакынымсың
Бүт дүйнөнү алмаштырбайм сага
Сен менин баатырым сен менин аздектеген адамымсың

Мен сени сүйөм, билип жүр,
Бирге биз бейишти курабыз!

Жакыным, мен дайыма сени менен болгум келет
Мунун себеби сенин сулуук эмес
Сулуулугун шексиз болсо да
Сенин күч-кубатын эмес,
Сени менен өзүмдү жакшы сезсем да
Баары суктанган сенин акылың эмес
Себеби сенсиз сокпой кала турган жүрөгүмдө
Сенсиз катып калып, учкусу келбей калган куштай болуп менин жан-дүйнөмдө себеби

Сүйүктүүм - деп дагы айткым келет
Кандай мага кересиң сен, зарылсың
Бардыгы бизди колубуздан келет, бардыгына чыдайбыз
Зээригүү менен сары-санааны аёоосуздан жок кылабыз

Экөөбүзгө бардык оорчулуктар багынат
Жашообуз бейиш үзүмүндөй болот
Сенин жүрөгүң менен бирге согот
Сага болгон терең жана зор сүйүүм

Мага бул дүйнөдө эч нерсе коркунучсуз
Качан сен жанымда болгондо
Качан сен жанымда болгондо жаным
Сен менин бактылуу тумарым болуп калдың
Менин менен дайыма бирге болчу анан

Жүрөктө жамгыр жаасада да
Сенин бир көз карашың жүрөгүмдү жандырат
Сүйүүнүн эшиги ачык мага дайыма
Сен жанымда болгондо

Жаркыным, сен жанымда болгондон тартып
Мен оорчулуктарга көңүлүмдү бурбай калдым
Капыстан чыга калган көйгөйлөр кичинеке сезилет

Жүрөгүмдө сыр жатат
Биздин кезигүү кокустук эмес
Түшүмдө сени көргөнмүн
Өңүмдө анан таап алдым

Капыстан анан түшүндүм
Мурда уйкуда жүрүпмүн
Дүйнөдө жакын адам бар экенин
Эми билим түшүндүм

Эми күмөн такыр жок
Бактылуу билет сыяктуу
Утуп алдым сүйүүнү
Утуп алдым бакытты

Жашоомдун акырына чейин сени сүйгүм келет
Кайгыны түбөлүк унуткум келет
Анткени бакыт сени менен гана
Башка сүйүүнүн кереги жок мага
Сенин кучагыма кыскым келет
Анткени сенден назик эч нерсе жок

Түбү жок суудай терең
Булак суусундай таза
Карегиңди сагындым

Жан-дүйнөмдү айыктырган
Сөздөрүңдү сагындым
СҮЙӨМ деген шыбыраган үнүндү
Гүл жыттанган жытынды
Сагындым, жаным сагындым

Сүйүү келет айттырбай
Биринчи жааган каар сыяктуу
Жагымдуу жана ажайып сулуу
Ар бир адам ага кубанат

Бороон болот, шек болот
Кызгануу болот чагылгандай
Бирок сүйүүнүн көзүнө караган
Сезимден ашык не болсун?

Бардык көз-ирмемди көркөмдөп
Асманга чейин учурат
Зээригүүдөн дароо сактайт
Сезимдерди дем алдырып, жандырып

Сени сүйөм
Сен жөнүндө кыялданам
Кумардан күйүп баратам
Назиктиктен ээрип баратам

Сүйөм сени, билесиңби
Уктай албай түнү бою
Дайыма сени сагынам

Жашоомдогу ырахатымсың
Сенсиз жашоо кызыксыз
Сен жөнүндө кыялданам
Түшүмө кирчи суранам

Күн сайын сүйүүм күчөп барат
Сен үчүн тагдырга ыраазымын
Сага чейин кантип жашап жүргөнмүн
Зээрикме болчу жашоом менин

Айта албай канча сүйүү кор болду,
Назданышып канча сүйүү жок болду.
Дайрасынан өтө албай калп сүйүү,
Дайыны жок бул сүйүгө кул болду
(Роза К.)

Түн ортосу сени көрсөм кубанамын,
Ойлорумду топтой албай убарамын.
Таттуу уйкудан күтөм сени аккуум,
Ак көйнөгүң кийип келчи суранамын.
(Ш.)

Алия, Аяна, Бегимай
Алия сен айдан чыккан айсың,
Алия сен балдай ширин асылдайсың.
Алия сен менен жургум келет кол жектеп,
Алия сен менин гана жанымсың.

Аяна сен бар дүйнөмдүн багысың,
Жан дүйнөмдү ээлеп алган жанымсын.
Башка кыздан айырмалап сүйгөнмүн,
Эч бир кызга окшобогон айымсын.

Бегимай сен абдан суулусуң,
Сендей кыз кайдан табылсын.
Бир гана сага ашыкмын,
Жүрөгүмө толгон махабатымсың.
(Автор: Алия)

Тажадым кыздар дан оч алуудан,
Кызганыпмын мен сизди алардан,
Кыйналдым, жаңылдым бирок сынбадым.
Ар кайсы бала жазыптыр мага,
Эч кимисин жактырбадым,
Жүрөгүмдү арнадым мен бир жанга,
Ал жан кандай жан экен?
Менин жүрөгүмдү ээлеген,
Арнаптырмын сүйүүмдү,
Кыйналсам да, сыздасам да ыйлабаймын деп,
Жүрөгүмдүн ачкычын бердим сизге сүйүктүү менин жолдошум.
(Хадижа)

Бул жашоону менден жакшы билесин,
Азабына күчтүү туруп бересин.
Махабатка ашык болгон жүрөккө,
Айтчы гүлүм кандай жоопту бересин.
(Амантур)

Сүйүү деген ушундай бир керемет,
Сүйүп калсан жүрөткенсиң темселеп.
Уйкун дагы маанайында нөл болот,
Ойлой берип кичинекей бир себеп.
(Байэл)

Апамдай эч ким сүйө албайт
Адамдардын сүйүүсүнөн таба албайм,
Акмак болуп сүйүп таштап коё албайм.
Анткен менен бүлөө күтүш деген бар,
Сүйбөс эч ким мээрим менен апамдай.

Түрдүү нерсе болуп турат ар кандай,
Жашабайт эч бактылуу бир адамдай.
Болуп болбой ажырашып жатышса,
Жаман ойлор келет экен ар кандай.

Жатып алып бүтмөк болду жеп мени,
Үйлөн деген туугандардын кептери.
Мени менен жашап чогуу калчуудай,
Күйдүрөтко айткан акыл кептери.

Ар ким билсе өз жашоосун турмушун,
Үйрөтүп айтып кереги жок туруштун.
Үйдө бекем тилдери кыска болсо эле,
Сыры да ушул бактылуу анан болуштун.
(Нурсултан Дөөлөтбек уулу)

Жараландым жабыркадым ыр жаздым,
Сага болгон сезимимди муздаттың.
Үмүт менен күйүп турган чырактай,
Күтүп келет кайран жүрөк ай ай ай.

Сен мен үчүн өзгөчө бир ааламсың,
Жүрөгүмдүн түпкүрүндө жашайсың.
Чоктой болгон жүрөгүмдү байлаган,
Сен мен үчүн жарык чачкан адамсың.
(Мамасов)

Макалада жазылган "суйуу жонундо ырлар" ушундай болду, силерде дагы сүйүү сөздөрү болсо пикир калтырып, жазып койгула, өзүңөр чыгарган төртсап ыр болсо андан дагы жакшы.

Жайгаштыруу: 2017-09-22, Көрүүлөр: 278435, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-10-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу