Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сулу

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Сулу

Сулу - дан өсүмдүгү, ал биздин айыл чарбабызда буудай жана кара буудайдан кийинки үчүнчү орунда турат. Сулу айдалган мейкин талаа көздүн жоосун алат: желге ыргала жайкалган сулу күмүштөй жылтылдайт. Даны сүйрү келип, кабыгы калың болот. Кабыктуу даны малга тоют, ал эми тамакка пайдалануу үчүн аны актап, кабыгынан тазалоо керек. Адамдар тээ байыртан эле сулуну актап, андан ар түрдүү тамактарды жасап келишкен. Сулунун унунан чабаты (блины) бышырылып, нан, кисель жана таттуу токоч жасалат. Сулунун акшагынан жасалган ботко да даамдуу, айрыкча геркулес деп аталган майдаланган, же жанчылган акшактан жасалганы абдан жагымдуу. Бул англистердин улуттук тамагы, аны дээрлик бардыгы эртең менен жешет. Сулу - үй жаныбарларынын аш болумдуу тоюту. Мында даны гана эмес сабагы да пайдаланылат.

Сулу жер буурчак менен аралаш себилип, сулунун даны быша электе оруп алынат. Мындай аралашмадан аш болумдуу, жыттуу тоют алынат. Сулунун саманы жылкы, уй, кой, эчкинин тоютуна кошуп берилет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1327, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу