Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Суу пери айымдар

Бул зодиак белгисинде төрөлгөн айымдар, абдан сулуу, аялдык сапаттарга ээ болгон сезимтал адамдар. Сыртынан гана тынч жана жайлуу. Булар жаркын жана кыймыл көрктүү, курч акылдуу жана акылман. Булар каалаган жерде, кандай гана кырдаал болбосун өзгөчө айкалышуу талантына ээ. Бул айымдар башкалардын ой-пикирине көп көңүл бурбайт, жана коомдун көз карашы буларды көп ойлондурбайт. Суу пери-айымдары өз эркиндигин абдан баалашат. Булар бут шарттары бар, бирок эркиндиги чектелген жерде, капастагы чымчыктай болуп жашай албайт. Мамилелердин ар кыл жаатында кызыктырууну жараткан натура болуп, алар ошондой эле өзгөчө хоризмага жана аялдык тарткычтыкка ээ. Бул аялдар баарлашууда эң жакшы маектешүүчү болот алат. Ошондой эле булар уялчак жана тартынчаак, бирок анысын адамдар арасында көрсөтпөгөнгө аракет кылат. Бирок, бир жагынан, булар кандайдыр бир күтүлбөстүктөргө барат: чукул сын-пикирин маектешине бетке айтып, же андан да жаманы, шылдыңдоо иретинде тамашалап коюшу мүмкүн. Ошондой эле Суу пери-айымдары дайыма өз оюнда болуп, бирөөлөр тарабынан ойлордун таңуулоосуно чыдабайт. Мындай учурда булар кыжырланма жана орой болушу мүмкүн. Булардын дагы бир сапаты бул - алардын адамдары шок абалында калтыруусу жана таң калтырууну жакшы көрүүсү.



Эң сонун интуициага ээ болуп, Суу пери-айымдары, сыйкырчыдай же фея сыяктуу, күн мурун бир нерселерди айтып, ал айткандары келекте сөзсүз аткарылат. Булар эч качан өткөн чак менен жашабайт, бирок ойлору бүгүнкү күн жөнүндө эмес. Булар дайыма келечекти ойлоп, ачык жана түшүнүктүү "бүгүнкү" менен кыялданбай, сырдуу "эртенки" күн менен кыялданат. Булар, асмандагы башкалар көрө албаган жылдызды көрүшөт. Асманга карай, намыстанып, түз турпаты менен өз кыялдарына жүрөгүндөгү жаркын үмүттөр менен умтулат.



Суу пери-айымдары менен болгон мамилелер - өз ара сүйүү парадоксу. Суу пери-айымдар өз сезимдерин көрсөткөндү билишет. Булардын өзгөчө жашоого болгон көз караштары адаттан тышкаркы кырдаалдар менен бетме бет кезиктирип, мындай учурлар сүйүү фронтунда да болот. Бирок, качан Суу пери-айым өзүнүн сүйүүсүн тапкан учурда, ал сүйүүсү менен идеалдуу бактылуу биримдикке кошулат. Бирок, бул учурда да, Суу пери-айым өз эркиндигин күмөндөргө калтырбайт. Бул айымдарга өзү менен өзү болуу, өз ойлоруна жана сезимдерине чөгүүгө өзүнчө убакыт керек. Кызгануу жагына кайрылсак, бул мындай сезимдерди көрсөткөн адамга Суу пери-айымдан алыстоо үчүн дагы бир себеп болот. Булар, эгер сүйсө, абдан ишенимдүү болот, ошондуктан буларды бирөөлөргө кызганып, өзүңөрдү жана бул аялдарды ар кандай ойлор жана сөздөр менен тамактандырбай эле койсо болот. Эгер мындай айымдардын мырзалары ар кандай башка тараптан иш-аракеттери менен ишеничине балта чапса, бул айымдар ошол замат эшикти тарс жаап, кете берет, жана эч качан кайра кайтып келбейт. Жана мындай учурда бул айымдар жалгыз калуудан коркпойт. Буларды дайыма колдоп кетүүчү жана жалгыздыктан сактоочу көптөгөн достору куурчап турат.



Булар кызуу сезимдерге ээ болуп, бирок, өзүн жана өз сүйгөнүнүн башын айлантууга барып, аша чаппайт. Булар физикалык жакындашудан көрө, көбүрөөк мүдөөлүк сүйүүнү жактырат. Бул жаман эмес. Анткени, алоолонгон кызуу сүйүү менен адамдар күндө жашай албайт, ал эми туруктуу достук жана мүдөөлүк жакындык - булар такыр башка баалуулуктар. Суу пери-айымдардын керектүү деңгээлдеги көңүлүн буруу үчүн, көп убакытка булар менен "дос" катары болуу керек. Анткени, дал ушул достук мамилеге булар өзгөчө ишеничти сиңирет, ошондуктан бул - Суу пери-айымды жактырып, ага жетүүнү максат кылган мырзалардын кулагына кумуш сырга - десек жанылышпайбыз. Булардын сүйгөндөрү өзүлөрү менен жашоодо бирге кадам шилтеп, бутун басып албаганга аракет кылыш керек, колунан кармап жетелешип, колун аярлап кармап, кишендебеш керек.



Суу пери-айымдар бакты-таалайдын акчада эмес, башка бийик нерселерде экендигине ишенет. Булардын көпчүлүгүнө жашоонун мүдөөлүк жагы башкысы болуп, ал эми материалдык жагына анча маани бербейт.



Булар дайыма өзгөрүүлөргө умтулуп, кандайдыр бир жаңы нерселерди издешет. Өз кыялдары менен эксперимент жасап, аларды изилдегенди жакшы көрүп, алардын сырын түшүнүп, табышмагын чечүүгө аракеттенет. Булардын өз сырлары да бар, жана бул сырларын Суу пери-айымдары өзүндө кармап, эч кимге көрсөтпөйт жана ачпайт, ал гана эмес эң жакын адамдарына да айтпайт. Калп айтканды жактырбайт, бирок, ойлорун аягына чейин айтпай, ушунусу менен айланасындагыларды алагды кылат.



Суу пери-айымдары баш ийип, никелешүүгө чуркап, ага чөмүлүп, камдыктары менен жоопкерчиликтеринин арасында адашып кетүүгө аракет кылбайт. Тескерисинче, түрмөдөн качкансып, булар никелешүүдөн качып турат. Өз сүйгөнүн бутунан башына чейин иликтеп-изилдеп чыкмайынча булар эч качан "Ооба" деп айтпайт. Эгер никелешүүгө чечкиндүү кадам шилтеп, макулдугун берсе, булар зээндүү жана элпек жар болууга аракеттенет, бирок, барыбир муну өз ою менен жасайт. Бул чындык. Ал эми энелик милдеттерине кайрылсак, Суу пери-айымдар өз балдарына абдан берилип, балдарынын майда каталыктары үчүн чанда гана жазалайт, ошодондой эле аябай кам көрүп, алар үчүн калчылдап-титиребейт. Булар өз балдарына болгон сүйүүсүн өзүнүн кандайдыр бир түнт мүнөзүнө байланыштуу ачык көрсөтпөйт.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 2724, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо