Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Суу пери жана арстан

Бир караганда бул экөө абдан окшош, бирок бул андай эмес. Албетте, Арстандар менен Суу перилер бир багытта жүрүшөт, бирок ар башка мотивдер менен шыктанат... Негизинен, Арстандар өзүлөрү менен жана өзүлөрү үчүн жашайт, Суу перилер болсо өзүлөрү жүргөн жана өзүлөрү жараткан жашоо агымы менен жашайт.



Психологиялык жактан булар абдан айырмаланышат. Арстандар - сезимталдуу жана кызуу кандуу, Суу перилер абдан кубаттуу, ошону менен бирге үстүртөн болот. Бирок, бул экөө астрологиялык айланмада бири-бирине карама-каршы белги. Бирөөндө жогу экинчисинде бар, жана экинчиси ага муктаждыгына эч качан макул болбойт.



Арстанда эмне бар, жана Суу периде эмне жок? - жылуулук, курч мүнөздөгү кадыр-барк сезими, стабилдуулук жана бекемдик.



Суу периде эмне бар, жана Арстанда эмне жок? - багынуу, критикага калыстык жана өз кемчиликтерин мойнуна алуу.



Көп учурда Суу перилер "эркин сүйүүнүн" колдоочулары болуп, никелешүүгө шашпайт. Никелешкенден кийин бул экөөнүн жашоосу түп тамыры менен өзгөрүлсө, буларга жеңил болот. Бул биримдиктин эң жакшы варианты, биздин оюбуз боюнча, качан эркек киши - арстан, жана аял киши - суу пери болгондо жакшы болот.



Биринчи кезиккенде бул карама-каршы белгинин өкүлдөрү өз ара бири-бирине тартылууну сезишет. Булар бири-бирине абдан окшош экени сезилет. Бирок, убакыттын өтүшү менен Арстандын көңүл чордонунда болууну каалап, жоопкерчиликти мойнуна алууга даяр экени, Суу перилердин шайтандай болуп, жоопкерчиликтен - "колум бош эмес" деген шылтоо менен качуусу айкын болот.



Демек, бул - Суу перилердин көз карандысыздыгы жана эркиндикти сүйүүсү, жана Арстандардын сырдуу же ачык болгон лидерлик кылык-жоруктары. Булар, жакшы сүйүүчүлөр жана достор, бирок көпчүлүк учурда шериктештер. Мындай никеде бир максаттуулук абдан маанилүү, биргелешкен иш, үзүрлүү шериктештик жана ийгиликтер. Ийгиликсиздик жана деструктивдүү мамилелер эки эсе ойрондук кылат.



Уруш-талаштар акча жаатында чыгышы мүмкүн: анткени булардын ар биринин бул темага көз карашы "эң туура". Конфликтердин дагы бир себеби, бул - экөөнүн тең жалгыздыкты жактырбоосу, жана эмгектенип жүрүп, үйдө жалгыз жана маанайы жок сүйгөнүнүн отурганын унутуп коюуусу. Бирок, эгер булардын бирөө сыркоолоп же кырсыкка кабылса - экинчиси сөзсүз жанында болот.



Күчтүү сексуалдык тартылуулар убакыттын өтүшү менен мүнөздөрүнүн жана темпераменттеринин, көз караштарынын жана ойлорунун оркоюууларын түздөйт. Бирок, Арстан канчалык кызганычтуу болсо, Суу пери ошончолук деңгээлде ал сезимдерден алыс.



Мындай үй-бүлөөдө амалдыктар жана мыскылдар, фантазиялар жана куулуктар көп. Булар бири-бирин таптакыр күтүлбөгөн учурда сюрприздер жана кең пейилдүү белектер менен жаадырат.



Бул зодиак белгилеринин өкүлдөрү арасында көптөгөн карама-каршылыктар бар, бирок көп учурда ал маселенин баары чечилүүгө мүмкүндүк бар. Мындай нике биримдигинде ажырашуулар абдан аз.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1236, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо