Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Суу пери жана букачар

Баш барак | Гороскоп | Суу пери жана букачар

Букачарлар менен Суу перилердин мамилелери белгилер жана алдын алуулар менен өлчөнбөй, биринчисинин чыдамдуулу жана экинчисинин умтулуусу менен ченелет. Кызыктай мамилелер, кээде булардын эмнеге бир экенин түшүнбөйсүң. Идеалдардын дайыма алмашуусу жана анын артынан келүүчү Суу перилердин реформалары, Букачарларга көптөгөн түйшүктөрдү жаратат. Анткени, Букачарлар туруктуу келип, өзгөрүүлөрдү жана күтүлбөгөн чечимдерди жактырбайт, өзгөчө алардын эркине каршы багытталгандарды. Суу перилер мындай чечимдерди кабыл алганды жакшы көрүп, бул чечими тез эле алмашып кетүүсү ыктымал, ал эми мындай Букачарлар алдында кетирген күнөө же катачылык, назик жана жароокер белек менен сатып алынат, анткени, Суу перилердин белектери абдан катуу тарынган адамды да бүт таарынычтарын унуткарууга аргасыз кылат. Ал эми Букачарлардын туруктуулугу жана кубаттуулугу жардамга келүүчү мүнөзү менен, Суу перилердин материалдык маселелерин чечүүгө жардамын берип, оор мүнөттөрдө аларды колдойт. Бирок Суу перилердин алдынкы ыраактыкты көрүү мүмкүнчүлүгү, Букачарларга кандайдыр бир түрткү болуп, жашоодо көрсөткүч болот.



Букачар болсо, Суу перилердин анча-мынча эркиндигин чектөө менен жашоосуна акылдуулукту жана туруктуулукту алып келет. Суу перилер Букачарлардын материалдык көз карашын жана акча табуу каалоосун колдогонун баалайт. Букачарлар да Суу перилерди колдонуп, аларды жаны жетишкендиктерге түртөт.



Букачардын сүйүүсү дайыма өзгөрүлүп туруучу Суу перилерге кандайдыр бир дискомфортту жаратат, бирок, бул өзгөрүүлөргө да, Суу перилерге көнүү жеңил. Букачарларга Суу перилерди түшүнүү оор, анткени, ал ушунча мамилечил болуп, Букачарлар көп учурда жалгыз калып, санаага батат. Бирок, Суу перилерди өзгөртүүгө болбойт. Ооба, Суу перилер өзүнүн коммуникабелдүү мүнөзү менен башкаларга санаа алып келет, анткени, ал ташбоордук менен боорукерликти чаташтырып, улуксат берилген чектерден өтүп кеткенин билбей калат.



Интимдик мамилелерде Суу перилерге Букачар өнөктөшү көнмөйүнчө шашылбай, чыдамдуу болуу зарыл, антпесе, Суу перилердин күтүлбөстүк мүнөзү кайгы-капанын себеби болот. Анткени, Букачарлар назиктик жана камкордукка физикалык жакындыкта гана муктаж эмес.



Буларга бири-бирин түнүшүү каалосу керек жана зарыл. Жана бул түйшүктөр өзүн актап, булардын сексуалдык жашоосуна биримдикти, тазалыкты жана бийиктикти алып келет.



Бул биримдик жөнөкөй биримдик эмес, жана булардын үй-бүлөөлүк жашоосу шартка ылайык, көпкө кармалбайт. Үй-бүлөөлүк мамилелер бийликке болгон күрөш, ролдордун бөлүштүрүүсү, иерархиянын курулуусу менен коштолот. Анткени, бул зодиак белгилердин экөө тең жетишээрлик кежир болот. Букачарлар менен Суу перилер бирдей лидер болууга аракеттенет - бирөөсү, кечирүү жана санаа тартуу үчүн, экинчиси, өзүнүн сырдуу идеалдарынын аркасында таарынычтарды тартуулоо үчүн.



Үй-бүлөөлүк биримдик мындай учурда Букачардын чексиз чымдамдуулугунда кармалып, Суу перилер аркылуу өнүгөт.



Бирок астрологияга ишенип, жалпылоонун кереги жок, анткени ар бир биримдик өз ара уникалдуу жана кээде карама-каршылыктар тартылат. Ооба, мындай биримдикти оңой деп айтууга болбойт, бирок, өнөктөштөрдүн бир болуу каалоосунан, биримдиктин бекем болуусу же биринчи тоскоолдуктардан урап калышы көз каранды.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 832, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу