Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Суу пери жана чаян

Бул эки белгиде төрөлгөн адамдардын жашоого болгон мамилеси жана мүнөздөрү түп тамыры менен айырмаланып турат. Жашоонун психологиялык жактан кабыл алуусунда жалпылыктар абдан аз. Суу перилер жашоону факт жана окуялар аркылуу кабыл алат, ал эми Чаяндар эмоциялар жана сезимдер аркылуу баамдайт. Чаяндар ички дүйнө менен жашап, Суу перилер сырткы менен жашайт, Чаяндар сезимдер менен жашап, Суу перилер окуялар жана ойлору менен жашайт.



Суу перилер түгөйдө шексиз лидерлер, ал эми Чаяндар - тымызын лидер. Мындай никени чечишүү абдан кыйын. Булар бири-бири менен салгылашпай, биримдикте болсо, профессионалдык да, социалдык да жактан көп жетишкендиктерге жетет. Булардын мамилелери "улгайганга чейин сүйүү" болбой, көбүнчө өз ара келишимге окшошуп кетет. Бул өнөктөштөрдүн бири-бирин канчалык деңгээлде түшүнө албастыгын, дайыма эле түшүнө бербестиги күлкүнүчтүү...



Булардын негизги айырмачылыктарынын бири бул - Чаяндын чебер өзүн-өзүн башкаруу мүмкүндүгүнө ээ болуп, өз сезимдерин башкара билүүсү, ал эми Суу перилер болсо, тескерисинче, өзүн-өзү башкара албай, каалаган убакта эмоциалык жактан жарылып кетүүсү мүмкүн. Финансы жаатында да көз караштары ар башка - Чаяндар акчасын качан, кайда жана эмнеге коротконун эң жакшы билип, өз буюмдарын кулпулап, кызгануу менен кайтарат. Суу пери болсо, андай майда иштер менен өзүн чарчатпайт.



Качан Суу пери менен Чаяндар, ак ниети менен бири-бирин сүйүп, никелешүүгө барса, алар ошол заматта өзүлөрүнүн максаттарынын тизмесин иштеп чыгышат, мындай тизмеге биринчи орунга экөөнүн карьерасы, экинчи орунга - үй-жайы, үчүнчүсүнө - бала-бакырасы, ал эми эң акырында өздүк кыялдары жана каалоолору коюлат. Булар эң сонун үй-бүлөөлүк тайпа, экөө тең өз күчүнө ишенип, эрктүү күч-кубатка бай.



Мындай нике биримдигинде эң жашысы качан, Суу пери - мырза жана Чаян - айым болгондо. Анткени, дал ушул аялзаты көп учурда өз өнөктөшүн тарбиялай алат, жана буга себеп болуп никеде тыкаттык жана этияттык, иреттүүлүк жана тактык, туруктуулук жана ишенимдүүлүк пайда болот.



Ошондой эле башка, бул биримдиктин түйшүктүүрөөк варианты бул - качан Чаяндар мырза, ал эми айымдар - Суу пери болгондо. Суу пери-айым чын дилинен эмнеге жана эмне үчүн ал мыйзамдык түрдө никелешүүгө барышы керектигин жана өмүр бою бир өнөктөшкө баш кошуунун эмне кереги бар экенин түшүнбөйт.



Шериктештик көп учурда, тандоо жок кырдаалда жаралат, жана катышуучуларга айырмачылыктарды басып өтүүдө, иш-аракеттер үзүрлүү болуу максатында түзүлөт. Ошондуктан жакшы шериктештик көп учурда жумушта жана бир туугандардын арасында кездешет.



Бул эки белгинин ортосундагы дагы бир айырмачылык бул - Чаяндын абдан узун эстутуусу, ал эми Суу периде мындай сапат таптакыр жок. Бирок, бир жагынан, Суу перинин унутчаактыгы үй-бүлөөлүк мамилелерге жакшы, анткени Суу перилер чанда-чанда эле бирөөгө болгон таарынычты өзүнө сактайт, Чаяндарга такыр окшобойт бекен? бул абдан жакшы сапат, үй-бүлөөдө жок дегенде бироо жол берүүсү зарыл да.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1570, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо