Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сыдыков Абдыкерим

Баш барак | Биографиялар | Сыдыков Абдыкерим

[1889, Бишкек уезди, Канай болушу, Башкарасуу айылы (азыркы Аламудун районунда) - 1938, Бишкек] - советтик, партиялык ишмер. Мусулман мектебинде окуган. 1911-жылы Верныйдагы эркек балдар гимназиясын бүтүргөн. 1912-17-жылы Бишкек уезддик башкармасында катчы жана тилмеч. Февраль революциясында уезддин жана шаардын коомдук-саясий иштерине жигердүү катышкан; Бишкек уездинин комиссарынын орун басары. Бишкекте «Алаш-Ордо» партиялык комитетин уюштуруучулардын (И. Арабаев, К. Тыныстанов, Н. Тулин менен бирге) бири, ошол эле учурда солчул эсерлер партиясынын да мүчөсү (1917-18).

1918-жылы октябрда большевиктер партиясынын катарына өтүп, Бишкек уезддик комиссарынын орун басары, соода-чарба жана өнөр-жай бөлүмүнүн төрагалык, улут маселеси бөлүмүндө кедейлерге укуктук жактан акысыз жардам берүүгө башчылык кылуу милдеттерин аткарган. 1919-20-ж. мартка чейин Жетисуу облустук Мусулман бюросунун төрагасы, ал жоюлгандан кийин Туркстан коммунисттик партиясынын Жетисуу обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы. 1922-жылдан Жетисуу облустук аткомунда президиумдун мүчөсү, төраганын орун басары, Туркстан АССРинин ички иштер эл комиссарынын орун басары, ошол эле жылы декабрда Бүткүл союздук Кеңештин 1-съездине бүткүл кыргыз элинин өкүлү болуп катышкан.

Жаркен уезддинде жер-суу реформасын жүргүзүүнү жетектеген. 1922-жылы Кыргыз тоолуу облусун түзүүнүн башында турган. Бирок бул долбоор «улутчул» деп табылып, РКП(б) БК тарабынан четке кагылган. 1924-жылы октябрда Кара Кыргыз Автономиялык Облусун түзүүгө активдүү катышкан. 1921-25-жылдары манаптын тукуму, падышалык жана убактылуу өкмөт акимчиликтеринде иштеген делинип, партиядан 4 жолу чыгарылган. 1926-1932-жылы Ташкенде Орто Азия мамлекетинде илимий кызматкер болуп иштеген.

Ал жерден «Кыргыз элинин уруулук бөлүнүшү» (1927). «Көчмөндөрдө малды жайытта багууну уюштуруу» (1930) деген илимий макалаларын жана башкаларды жазган. 1932-жылы Кыргызстанга чакырылып, Кыргыз АССР Мам. пландын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 1933-жылы камакка алынып, 1934-жылы Туркстан аскер округунун трибуналы «контрреволюциячыл» деп жарыялап, 10 жыл эркинен ажыратат. 1938-жылы «Социал-Туран партиясын» уюштуруучу деген жалаа менен кайрадан соттолуп, өлүм жазасына тартылган. 1958-жылы акталган.

Жайгаштыруу: 2016-12-22, Көрүүлөр: 803, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-12-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу