Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сыйкыр

Баш барак | Адабият | Сыйкыр

"Сыйкыр" күчтөр жөнүндө айта кетсек, табияттын жаратылышында болбогон, бирок мифтик түшүнүктөн улам наристе элестетип, баштапкы доордун адамдары өздөрүнө душман күчтөр менен жандарына пайда келтире турган күчтөрдүн образын жаратып баяндаган мифтер табияттан тышкары күчтөр жөнүндөгү мифтер деп аталат.

Бул түрдөгү мифтер дүйнөдөгү заттардын пайда болуу, жоголуудагы себептерин, адамзаттын кырсыкка кабылуу, бакыт, жакшылык көрүүнүн себептерине баам салган, бирок анын чыныгы себептерин чечмелөөгө дараматтары жетпей, тек наристе элестетүү менен көркөм адабиятка көтөрүп түшүндүрүүгө умтулган. Ошондуктан ташка айлануу, кубулуу, жана адамдарга бакыт, таалай алып келүүчү кызыр, мүрөктүн суусу сыяктуу эле элестетме образдарды жаратышкан. "Сыйкыр" күчтөр дагы айта кетсек, дөө, желмогуз, албарсты, ажыдаар, алпкара куш сыяктуу душман күчтөрдүн элестетме образдарын жаратып, жан-жаныбарлар, инсанаттар ошолордун колунан мертингени, ошолорду жеңүүгө күрөш жасагандыгы (мисалы эр Төштүк бүт өмүрүн желмогузду жеңүүгө арнаган) жөнүндөгү күрөшчүл образдарды жаратып, адамдарды туушту (жаратышты) болууга кайраттандырган күрөш жасоо аркылуу ар кандай күчтү (дөөлөрдү, желмогуздарды, жетимиш эки кубулмалуу сыйкырды) жеңип чыгууга боло тургандыгына ишеним тургузган. Баштапкы коомдун адамдары мифтик түшүнүктө наристе элестетилип образ жаратылган. Дөөлөр, желмогуздар, ажыдаар, сыйкырлардын бар экендигине бек ишенишкен.



Алардын табияттан тышкаркы чөлкөмдөрдө жашашы чын деп түшүнүшкөн. Мына мындай ишенүү мифтердин көркөмдүк касиетинен пайда болгон деп айтууга болот. Андай дештеги себеп, мифтерде жаралган образдар чыныгы кебетеде берилген. Кыргыздардын “табияттан тышкаркы сыйкырдуу күчтөр” жөнүндөгү мифтери мазмун жана образ жагынан кереметтүү күчтөр жана көйкаптагы күчтөр деп эки чоң түргө бөлүнөт. "Сыйкыр" күчтөр жөнүндө кошумча маалыматыңыз болсо, төмөндөгү формага пикириңизди жазып кетсеңиз болот.

Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 608, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу