Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сыйкыр

Баш барак | Адабият | Сыйкыр

Кыргыздын мифтик түшүнүгүндө, "сыйкыр" бир түрдүү "кереметтүү күч" катары элестетилет да, "сыйкыр" эч кандай сырткы көмөк, себепсиз эле, бир нерсени дагы бир нерсеге өзгөртө ала турган, кубулта коё турган жөндөмгө ээ өнөр катары сүрөттөйт.

Мифтик баяндарда, "сыйкыр" өнөрдүн эң кылда учу болуп, сыйкыр өнөрүн билчүлөр "сыйкырчы" аталган, сыйкырчылар атайын үйрөнгөн, машыккан катары элестетилет. Сыйкырдын түрлөрүн канча көп билгендер ошончо жөндөмдүүлөр эсептелет. Кыргыз мифтик баяндарында, сыйкырды эң көп билгендер 72 сыйкыр билет деп айтылат.



"Сыйкыр" кыргыз эл адабиятында, болуп да "кереметтүү жомоктор" эпосунда абдан ырааттуу баяндалат. "Сыйкыр" жөнүндөгү наристе элестетүү "Эр Төштүк" мифтик эпосто эң байыркы түрү боюнча айтылат. Алып айтсак, эр Төштүк ажаты болгондо, атын карчап койсо "күмүш сака" болот жана башка согуштук жарактары да сыйкырдуу болот. Андан бөлөк кыргыз жомокторунда, ажаты болгондо "таягын" минип "уч" десе алып учуп кете берет.



Сыйкырлуу сыйкырчылар ажаты келгенде ар түрдүү жаныбарларга, заттарга өзгөрүп, кубула алат. Сыйкырчылык "Манас" эпосунда да кеңири каражат кылынат. "Манас" эпосундагы оң каармандардан Алмамбет, Айчүрөк, Кененим, Асыл-бача, Бекбача, Сейит, Куйлусу, сыяктуулар жеткен сыйкырчылар катары баяндалат. Терс каармандардан Коңурбай, Шыпшайдар, Ыраңкүдүк, Жүйлүн дөө сыяктуу бардык эле дөөлөр сыйкыр билишет. Демек, "Сыйкыр" жөнүндөгү элес, образ кыргыз мифтеринде, жомокторунда басымдуу орунду ээлейт.

Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 1015, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо