Табу Хэцзу элчи

Табу Хэцзу, Тапу Алп Сол – Эне-Сайдагы кыргыз каганынын 9-кылымдын ортосундагы элчиси.

842-ж. кытайдын Тан сулалесинин императоруна жиберген элчиси, кыргыз кол башчыларынын бири Алп Сол, Табу Хэцзу, Тапу.

840-ж. кыргыз каганынын Уйгур мамлекетине жасаган чоң казатында анын колунун сол канатын жетектеген жана Улуу Кыргыз дөөлөтүн негиздөөгө зор салым кошкон.

843-ж. март айында Кытайдын Тан династиясынын императоруна элчи катары барган.

Кытай жыл баяндарында: «841-ж. такка олтурган император Вуцзун алыскы кыргыз каганынан келген элчиге абдан ыраазы болуп, Бо-Хайдан келген элчиден жогору, төргө олтургузду» – деп баяндалат.

Кыргыз каганынын аскер башчысы, ишенимдүү элчи Кытайдан жеңилген уйгурлардын тагдыры жөнүндөгү саясий иштерден сырткары, соода-экономикалык карым-катнашты кайра жандандыруу үчүн барган.

Буга жооп катары кытай императору өзүнүн элчилерин бир нече ирет кыргыздарга жөнөткөн.

Орто кылымдардагы Эне-Сай Кыргыз каганаты Кытай, Тибет мамлекеттери, Түрк, Карлук, Түргөш каганаттары жана башка мамлекеттер менен дипломатиялык жана соода-чарбалык алакаларды жүргүзүп турган.

Анын кытай иероглифтери менен "Табу-Хецзу" түрүндө берилген ысымын "Тапу Алп Сол" деп окуу керек деген сунушту кыргызстандык чыгыш таануучу, синолог Галина Павловна Супруненко айткан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)