Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Таджикстан

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Таджикстан

Жеринин аянты - 143100 чарчы чакырым. Калкы - 6579000 адам. Силер дүйнөнүн төбөсү деген атты уктуңар беле? Орто Азиянын түштүк-чыгышында Памирдин ак карлуу чокулары асман тиреп чалкаят. Бул өлкөбүздөгү эң бийик тоо. Айрым чокулардын - Коммунизм, Ленин атындагы чокуларынын бийиктиги 7 мин метрден ашат. Ошондуктан Памирди байыртан дүйнөнүн төбөсү деп бекеринен аташпаган.

Түндүгүрөөктө Тянь-шань тоолору асман мелжийт. Бул тоолуу аймакта Тажик Республикасы жайгашкан. Тажиктер - маданияты эзелтен өнүккөн эл. Алар байыртан эле тоо этектерин жана дарыя боюндагы жерлерди иштетип, бийик тоолордо кой-эчки багышкан. Бул өлкөдө көптөгөн таланттуу окумуштуулар, акындар, сүрөтчүлөр төрөлгөн. Көмүр, түстүү жана сейрек металлдар, тоо хрусталы, таш туз жана башка байлыктарды тоо түпкүрү адамдарга тартуулоодо. Ал эми шар аккан тоо суулары канча байлык алып келет! Суунун энергиясын пайдалануу үчүн плотиналар менен гидроэлектр станциялар курулуп, алардын жанында терең суу сактагычтар пайда болду. Вахш дарыясынын тар капчыгайын тосуп, дүйнөдөгү эң бийик Нурек ГЭСинин плотинасы курулду. Азыр Тажикстандын гидростанциялары өздөрүнө гана эмес, коңшу республикаларга да электр энергиясын берет.

Суу сактагычтардан сугат каналдары аркылуу түшүмдүү, бирок суусуз жерлерге суу агып келет. Пахта, күрүч, жашылча, жемиш өстүрүүдөө. Тажикстандан кооз килем жана жибек кездемелери, жашылча, жемиш консервалары жана башка өнөр жай товарлары чыгарылат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 474, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу