Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тайга

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Тайга

Тайга якут тилинен которгондо токой деген маанини билдирет. Бирок ар кандай эле токой тайга деп аталбайт. Тайга деп ийне жалбырактуу токой өскөн белгилүү бир жаратылыш зонасы аталат. Тайга каралжын түстөгү ийне жалбырактуу, ачык түстөгү ийне жалбырактуу жана мырза карагайлуу деп бөлүнөт. Каралжын түстөгү ийне жалбырактуу тайга - бул негизинен карагайлуу жана көк карагайлуу токой. Сибирде кедр, тактап айтканда кедр карагайы да өсөт. Кызыл карагай өскөн токой ачык түстөгү ийне жалбырактуу тайга деп аталат. Россияда тайга зонасы эбегейсиз зор аянтты ээлейт, ал Ак денизден Тынч океанга созулуп жатат.

Түндүгүнөн токойлуу тундра, түштүгүнөн жазы жалбырактуу токой зоналары менен чектешет. Тайга негизинен суук климаттуу алкакта жайгашкандыктан анын кыйла аянтын түбөлук тоң ээлейт. Түндүктө тундра менен чектеш жерде мамык чөп өсөт. Ал эми Ыраакы Чыгышта, Уссури тайгасында жапайы жүзүм өсөт. Кырк муун дарагы, фауналар, папоротниктер, козу кулак, грушанка тайганын бардык жеринде кездешет. Тайганын байлыгы мол. Алардын негизгиси - токой.

Бирок токойду абайлап кыюу керек, антпесе токою кыйылган жердин көпчүлүгүндө саз пайда болот. Ошондуктан кыйылган дарактын ордуна көчөт отургузуу максатка ылайык. Тайганын дагы бир байлыгы - аң терилери. Дүйнөдө тайгадан башка эч жерде териси баалуу жаныбарлар мынчалык көп эмес. Мында тыйын чычкан, киш, суусар, кундуз, суу суусары, кызыл күсөн да бар. Жыл сайын кар жааганда мергенчилер тайгадагы териси баалуу айбанаттарга ууга чыгышат. Тайга адамдарга кедр жаңгагын, баалуу дары өсүмдүктөрдү - бугу тамыр, чычырканак ашын, мээр чөптүн тамырын тартуулайт. Тайга сазынан клюква чогултушат.

Тайгада мөмө-жемиш жана козу карын көп. Анда черника, голубика, бүлдүркөн, дан куурай, морошка, брусникалар өсөт. Тайга зонасы пайдалуу кендерге - алмаз менен алтынга, нефть менен газга, баалуу минерал менен рудага бай. Бирок тайга, айрыкча анын чыгыш аймагы толук изилденип бүтө элек. Анткени анын сормо саздары менен чытырман токойлорун аралап жүрүү оңой эмес. Жыл сайын күн жылып, кар эригенде тайгага миңдеген изилдөөчүлөр кетишет. Алардын айрымдары пайдалуу кен издесе, кээси курт-кумурскаларга байкоо жүргүзөт, үчүнчүлөрү токойду изилдейт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1716, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо