Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тамак аштагы микробдор

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Тамак аштагы микробдор

Адам жашаган айлана-чөйрөдө, ал эмес өзүндө да көптөгөн микробдор кошо жүрүшөт. Ошондой эле тамак-ашта да микробдор бар. Эгерде азыктарды туура сактабаса, туура эмес даярдаса, микробдордун көбөйүшүнө шарттар түзүлөт. Адатта микробдор көп санда болсо, азыктар бузулат, бирок айрым учурда алардын көптүгүнө карабастан, тамак-аштын өңү, жыты өзгөрбөшү да мүмкүн. Адам, өзгөчө бала ошондой тамак менен азыктанса ооруп калат. Анын себеби микробдор көп болсо, организмдин коргонуу механизмдеринин алы келбей, организмге барган микробдор андан ары көбөйүп, клеткаларды бузуп, уулуу заттарды бөлүп чыгып, адамды ууктурат. Ууккандыктын белгилери тез, бир нече сааттын ичинде эле билинет.

Ооруган кишинин жүрөгү айланат, алсырайт, ичи ооруйт, кусат, ичи өтөт жана температурасы көтөрүлөт. Тамак-ашта ооруну козгогуч микробдон башка азыктарды керексиз кылган, кишини ууктурган микробдордун негизги төрт тобу бар: - салмонелла тобунун микробдору ылаңдаган малдын этинде, эт азыктарында, жумурткаларда жашайт - гигиенаны сактабагандыктан ич өткөк бактериялары тамак - ашты булгайт - ботулизм бактериялары топуракта жашайт, андан сууга, жашылча-жемиштерге, азыктарга өтүшү мүмкүн. Адамдын ичегилерине келгенде, бул микроб тез көбөйүп, абдан күчтүү уу бөлүп чыгарат, ошондуктан мындай тамакты жегенде киши алсырап, кыйналып дем алат, денесинин температурасы 35° чейин түшөт. Кээде оорулуу адамдын жүрөгү айланып, кусат, ичи өтөт. Тез арада ага медициналык жардам көрсөтпөсө, өлүп калышы ыктымал. - стафилакокк микробдорду тамагы ооруган, денесинде ириң учуктары бар адамдар жуктурат.

Бул микробдор сүттө, сүт азыктарында жакшы өөрчүшөт. Балдар булганган тамак-аштын мите курттарын жугузуп алышы мүмкүн. Мителер адамдын организиминде жашап, алардын тамак-ашы, каны же ткандары менен азыктанып, чоң зыян келтиришет. Балдар көбүнчө аскарида жана чүчөк курттардан запкы жешет. Аскарида узундугу 25-30 см болгон курттар, ургаачысы күнүгө көптөгөн жумурткаларды таштайт. Алар заң менен сыртка чыгышкан соң, дааратканадан кийин колун жуубаган бала кайра жумурткаларды жутуп алышы мүмкүн. Кичинекей, узундугу 1 см ге жакын болгон ак чүчөк курту баланы абдан тынчсыздандырат.

Курттун ургаачысы жумурткаларын баланын арткы тешигинин тегерегине таштаганда, өтө кычыштырат. Тырманган бала түн ичинде да тынч уктай албайт. Бул мите курттардан баланы дарылаганда, тез сакайтса болот. Кыргызстанда азыр эхинокок оорусу көбөйдү. Бул ооруну козгоочу жалпак мите курт ылаңдаган бодо малдан , чала бышкан эттен, иттен адамга жугуп, катуу ооруга чалдыктырат. Микробдордон уукпаш үчүн, мите курттардан сактаныш үчүн ар бир адам кичине кезинен баштап өздүк гигиенанын эрежелерин билип, бекем сакташы зарыл. Ошону менен бирге тамак-аштын тазалыгына чоң көңүл буруп, азыктарды туура даярдаганды үйрөнүү тийиш.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 1061, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу